2019 жылдын 29 ноябрында “МИК” ААК-у жана “КИКБ” ЖАК-ун Кара-Балта шаарынын өкулчүлүгү“Турак-жай насыялоо программасынын” биринчи катышуучу Наргиза Отунчиевага ипотекалык насыя беришти.

04 Декабря 2019

  2019 жылдын  29 ноябрында “МИК” ААК-у    жана  “КИКБ”  ЖАК-ун  Кара-Балта шаарынын өкулчүлүгү“Турак-жай насыялоо программасынын”  биринчи катышуучу Наргиза Отунчиевага  ипотекалык насыя беришти.

      

 “Мамлекеттик Ипотекалык Компания”   ААК-у  жана    «КИКБ» ЖАК-у    Кыргыз Республикасынын   аймактагы  өкүлдөрү үчүн   KFW банк  аркылуу “Турак-жай насыялоо программасын” ишке киргизүүдө.

      2019 жылдын 24 октябрында  “МИК” ААК-у   жана  “КИКБ”  ЖАК-у  “Турак-жай насыялоо программасынын” алкагында  расмий түрүндө келишимге кол коюшту.    Кыргыз Республикасынын аймактагы жарандары  (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) рыноктук пайызыдан төмөн  ипотекалык насыялоого кеңири мүмкүнчүлүк алышат (турак жайдын баштапкы төлөмү 20%- дан кем эмес, пайыздык чен-10 %, мөөнөтү 15 жыл.)   

Программанын  алкагында үч негизги багыт менен ипотекалык насыя  камсыздоонуда:

  • Турак жай сатып алуу - "Кут конуш";
  • Экинчи турак жай рыногунан турак жайды сатып алуу, жана  турак жайды андан ары реконструкциялоо -"Бек устун;.
  • Жеке турак жай  курулушун каржылоо  - "Ашар".

       "Турак жай каржылоо программасынын” катышуучусу  Наргиза Отунчиева Чыныбаевна- ,"АБАЙ" гуманитардык-экономикалык колледжинин  окуу борборунун башчысы, математика жана информатика боюнча мугалими. Ал 23 жаштагы педагогикалык стажы бар :

“ Мен өз ишимди абдан жакшы көрөм жана өлкөдөн кетпей  жатып турак  жай сатып алганыма абдан кубанычтамын.  Биздин колледжибиздин  негизги миссиясы бул кесиптик педагогдорду, юристтерди,экономисттерди даярдоо жана башкаруу кадрларынын резервин түзүү.  Программанын артыкчылыгы бул-банкка түздөн-түз кайрылуу, ошол шарт абдан ыңгайлуу экен, анткени мен кыска мөөнөттүн ичинде ипотекалык насыя алып  тез убакыттын ичинде турак-жай сатып алдым".

       

  Аталган Программанын   негизги айырмасы бул жергиликтүү бийлик органдарына кайрылуусуз эле, жарандардын өнөктөш банктарга түздөн түз кайрылуусу, бул Программанын катышуучуларынын финансылык чыгымдарын жана убактысын кыскартат, ошондой эле ипотекалык насыяны алуу процедурасын жеңилдетет.   "Турак жай каржылоо программасын"  ишке ашыруу үчүн 3 коммерциялык банк тандалып алынды: «КИКБ» ЖАК-у, "РСК Банк" ААК-у,“Кыргызстан» КБ ААК-у.

 “Турак-жай насыялоо программасынын” алкагында каржылоо алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

  • Эмгек стажын, бизнесин, жеке көмөкчү чарбасын тастыктаган документтерин болушу.
  •  Программанын  катышуучунун, жубайында жана жашы жете элек балдарында катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайынын жана турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
  • Катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү;
  • Катышуучу Кыргыз Республикасынын аймактарында жашашы жана иштеши керек.
  • Турак жай, иштеген жеринен 60 чакырымдан ашык эмес аралыкта сакталышы керек, бирок Бишкек жана Ош шаарларында болбошу керек;
  • Катышуучу   үй-бүлөлүү болушу зарыл.