“МИК” ААК-у жана “КИКБ” ЖАК-у “Турак-жай насыялоо программасынын” алкагында расмий түрүндө келишимге кол коюшту.

24 Октября 2019

   “Мамлекеттик Ипотекалык Компания”   ААК-у  жана    «КИКБ» ЖАК-у    Кыргыз Республикасынын   аймактагы  өкүлдөрү үчүн   KFW банк  аркылуу “Турак-жай насыялоо программасын” ишке киргизүүдө.  “МИК” ААК-у   жана  “КИКБ”  ЖАК-у  “Турак-жай насыялоо программасынын” алкагында  расмий түрүндө келишимге кол коюшту.

        

    Кыргыз Республикасынын аймактагы жарандары  (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) рыноктук пайызыдан төмөн  ипотекалык насыялоого кеңири мүмкүнчүлүк алышат (турак жайдын баштапкы төлөмү 20%- дан кем эмес, пайыздык чен-10 %, мөөнөтү 15 жыл.)

Программанын  алкагында үч негизги багыт менен ипотекалык насыя  камсыздоонуда:

  • Турак жай сатып алуу - "Кут конуш";
  • Экинчи турак жай рыногунан турак жайды сатып алуу, жана  турак жайды андан ары реконструкциялоо -"Бек устун;.
  • Жеке турак жай  курулушун каржылоо  - "Ашар".

  Аталган Программанын   негизги айырмасы бул жергиликтүү бийлик органдарына кайрылуусуз эле, жарандардын өнөктөш банктарга түздөн түз кайрылуусу, бул Программанын катышуучуларынын финансылык чыгымдарын жана убактысын кыскартат, ошондой эле ипотекалык насыяны алуу процедурасын жеңилдетет.    "Турак жай каржылоо программасын"  ишке ашыруу үчүн 3 коммерциялык банк тандалып алынды: «КИКБ» ЖАК-у, "РСК Банк" ААК-у,“Кыргызстан» КБ ААК-у.

 “Турак-жай насыялоо программасынын” алкагында каржылоо алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

  • Эмгек стажын, бизнесин, жеке көмөкчү чарбасын тастыктаган документтерин болушу.
  •  Программанын  катышуучунун, катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайынын жана турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
  • Катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү;
  • Зайымчы Ош жана Бишкек шаарларында жашабашы жана иштебеши керек , турак жай, иштеген жеринен 60 чакырымдан ашык эмес аралыкта сакталышы керек, бирок Бишкек жана Ош шаарларында болбошу керек;
  • Катышуучу   үй-бүлөлүү болушу зарыл.                                            

    "Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы" ЖАК-у  (КИКБ), 7 миллион  АКШ доллар уставдык капиталы менен 2001 жылы түзүлүп  республикадагы эң ири коммерциялык банк болуп эсептелинет.  2007-жылдын акырына карата Банктын уставдык капиталы 10 миллион АКШ долларына чейин көбөйгөң, 2010-жылы капиталды 17,5 миллион АКШ долларына чейин көбөйтүү чечими  Банктын ационерлери менен  кабыл алынган, бул акционерлердин Банктын мындан аркы ийгиликтүү өнүгүүсүнө калоосун тастыктайт. КИКБ  ЖАК-ун  акционерлери бул Дүйнөлүк белгилүү финансы институттары (90%) жана Кыргыз Республикасы (10%) . Дүйнөлүк белгилүү финансы институттары -бул Экономикалык Өнүктүрүү Фонду Ага-Хан (21%), Хабиб Банк Лимитед (18%), Немис Өнүктүрүү Банкы DEG(17%),  Европа Реконструкциялоо жана  Өнүгүү Банкы (17%) жана Эл аралык Финансы Корпорациясы-Дүйнөлүк Банктын тобунун мүчөсү (17%).  KFW  Германиянын банкы  КИКБ ЖАК –ун түзүүчүсү, ал узак мөөнөттүү финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн  мүмкүнчүлүгүн   камсыз кылат.   

      

.