Депутат Акылбек Жапаров Германиянын Баушпаркасс ассоциациясынын төрагасы Кристиан Кёниг менен жолугушту.

17 Сентября 2019

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы:

Депутат Акылбек Жапаров Германиянын Баушпаркасс ассоциациясынын төрагасы Кристиан Кёниг менен жолугушту.

  26-августта Жогорку Кеӊештин депутаты Акылбек Жапаров Германиянын Баушпаркасс ассоциациясынын төрагасы Кристиан Кёниг менен жолугушту. Иш-чарага Турак-жайды каржылоо боюнча эл аралык бирликтин башкы катчысы Марк Вейнрих, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетин тейлөөчү бөлүмдүн эксперттери, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын төрайымы Элмира Абжапарова жана аталган ААКнын башкы адистери катышты. Жолугушууда тараптар калктын аз киреше тапкан катмарын туракжай алуусуна насыя берүү мүмкүнчүлүгү жаатында пикир алышты. Германиянын Баушпаркасс ассоциациясынын төрагасы Кристиан Кёниг ассоциациянын иши менен тааныштырып, анын негизги максаты калктын аз киреше тапкан катмарына турак-жай алуу үчүн пайызы төмөн насыя сунуштоо экендигин айтып берди. Ошону менен катар мындай системаны Кыргызстанга киргизүүнүн күнгөй-тескейин талкуулоо боюнча жолугушууларды өткөрүп келе жаткандыгын кошумчалады.  Депутат Акылбек Жапаров жогоруда айтылган программанын иштөө мөөнөтү менен механизмдерине, башка Европа өлкөлөрүндөгү тажрыйбаларына кызыкты. Ошону менен катар эл өкүлү катары туракжай-сактык насыялар менен камсыздоого багытталган мындай системанын өлкөдө иштеп кетүүсү боюнча мыйзамдык жактан кызматташууга даярдыгын белгиледи. Жыйынтыгында аз киреше тапкан калктын катмарынын туракжай алуусун шарттоочу мындай системаны куруу жаатында кызматташуу боюнча орток пикирге келишти. Жыйынга катышып отурган «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын башкармалыгынын адистери аталган маселе боюнча мыйзам долбоору даярдалып жаткандыгын маалымдашты.