"Вечерний Бишкек" газетасындагы макала боюнча төгүндөө

21 Мая 2020

Урматтуу мекендештер, “МИК” ААКун кардарлары жана өнөктөштөрү!

Жакында компания жөнүндө жарыяланган терс маалыматтарга байланыштуу төмөнкүдөй түшүндүрмөлөрдү берүү зарыл деп эсептейбиз.

Кайрылууда айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Айрым кызматкерлердин нааразычылыгы кызматкерлердин санын пландаштырылган оптимизациялоодон келип чыгышы мүмкүн. Оптимизациялоо жумуштун сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган, компаниянын ички бизнес-процесстерин өзгөртүүгө жана санариптештирүүгө байланыштуу, ошондой эле компаниянын курулуш иштерине түздөн-түз катышуудан четтелишине байланыштуу пландаштырылууда. "МИК" ААК ишмердүүлүгү бюджеттик каражаттардын эсебинен каржыланууда жана компаниянын жетекчилиги натыйжалуу жана түз, ачык финансылык саясат жүргүзүүдө.

«Арзан турак жай 2015-2020» программасы үзгүлтүккө учуроо коркунучу астында турган жок. Компаниянын финансылык көрсөткүчтөрү жыл сайын туруктуу өсүдөө, ай сайын финансылык отчеттор жана көзкарандысыз текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жылдык отчеттор компаниянын расмий сайтында жарыяланып, бардык кызыкдар жактарга жеткиликтүү. Ошол эле учурда, "МИК" ААКун кызматкерлери жарандар үчүн ипотекалык насыялоо шарттарын жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылуу үчүн иш-чараларды алып барууда.

Пайыздарды кол менен эсептөөдөн компаниянын чыгымдары жылына 3,5 миллион сомго учурашы жөнүндө маалымат чындыкка жатпайт. Компанияда эсеп эл аралык стандарттын негизинде автоматташтырылган эсептөө система аркылуу жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Финансы министри Жеенбаева Б.Ж. компанияда 4 жылдан ашык иштебейт. Башкарманын жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо "МИК" ААКун башкаруу органдарынын жана акционердин өзгөчө укуктары болуп саналат, алардын арасына Финансы министри кирбейт.

2020-жылдын 14-майында жаңыдан түзүлгөн туунду компания - "Ак-Босого" Турак жай-аманат кредиттик компаниясы"ААК мамлекеттик каттоодон өттү. Компания ишмердүүлүгү дүйнөлүк масштабда өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген Баушпаркассе модели боюнча Кыргызстандын рыногунда ипотекалык каржылоонун жаңы механизмин ишке киргизүүгө багытталган. “МИК” ААКу уставдык капиталды толуктоо үчүн 100 миллион сомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 499 токтомунун алкагында алган, бул каражаттар  Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин протоколдук тапшырмасынын негизинде туунду компанияга которулат.

2020-жылдын февралынан 15-майына чейин, 25-40 миң сом айлык акысы менен эмгек келишимдин негизинде "МИК" ААКун эки кызматкери туунду компанияны түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Жаңы финансылык институтту түзүү – айрым кызматкерлердин толук катышуусун, көп сандаган документтерди, эсептөөлөрдү даярдоону, мамлекеттик контролдук/көзөмөл органдары менен карым-катнашууну жана өз ара аракеттенүүнү талап кылган олуттуу маселе. Көрсөтүлгөндөй, алардын ар бири 75 000 сом алат деген маалымат чындыкка жатпайт.

Курулуш иштерине катышуу маселесине келсек, Бишкек жана Нарын шаарларында эки турак жайдын курулушу аяктагандан кийин, "МИК" ААКу курулуш ишинин натыйжасыздыгын жана жөндүүлүгүн көрсөткөн финансылык анализ жүргүзгөн. "МИК" ААК "Кийин сатып алуу менен ижарага алуу" механизмин даяр турак жай сатып алуу аркылуу ишке ашырууну улантууда. Каржылык иш-аракеттерди натыйжалуу жүргүзүү максатында, курулган турак жайларды Бишкек жана Нарын шаарларынын мэриясына кардарларга ыңгайсыздык туудурбастан жана мамлекеттик бюджетке зыян келтирбеген шарттарда өткөрүп берүү сунушу киргизилген. Тунгуч кичи районунда курулган үйдү пайдаланууга берилишинин кармалышынан улам “МИК” ААК көптөгөн чыгымдарга дуушар болду деген маалымат да чындыкка жатпайт. Курулган үй ДЖГС тарабынан “МИК” ААК 2019-жылдын 24-декабрында берилсе, биринчи жашоочулар 2019-жылдын 30-декабрында киргизилген. Үйдү өткөрүп алууга чейин “МИК” ААК жашоочуларды киргизүүгө акысы жок болушу түшүнүктүү. Үйдү пайдаланууга берүү мөөнөтүнүн кечиктирилиши эч кандай чыгымдарга алып келген жок.

Ошондой эле, кызматкерлерди жумуштан кетирүү жөнүндө маалымат туура эмес. Компаниянын мурунку кызматкери Даакыбаев Алмазбек өз каалоосу менен берилген арыздын негизинде кызматынан бошотулду.

Компания жөнүндө терс маалыматтарды жарыялоодон келип чыккан ыңгайсыздыктар үчүн жарандардан жана биздин өнөктөштөрдөн кечирим сурайбыз.

Компания, мындан ары ишмердүүлүгүнүн сапатын, натыйжалуулугун жана айкындуулугун жогорулатууну жана жарандарыбызга насыялоонун ыңгайлуу шарттарын түзүүнү улантат.

"МИК" ААК турак жай жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында натыйжалуу ипотекалык насыялоону өнүктүрүү, бизнес-процесстерди санариптештирүү, жаңы насыялоо механизмдерин киргизүү боюнча саясат жүргүзүүнү мындан ары да уланта бермекчи.

Баарыңыздарга чың ден-соолук жана бакубатчылык каалайбыз.

Урматтоо менен,

"Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК башкармалыгы.