Кредиттик төлөмдөрдү убактылуу жылдыруу.

01 Апреля 2020

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасында коронавирустук илдеттин жайылышын алдын алуу үчүн киргизилген Өзгөчө абалга байланыштуу Мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык кредитти төлөөдө кыйынчылыкка учураган жарандар үчүн төлөмдөрдү жылдыруу аркылуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирет.

Ушуга байланыштуу, МИК өнөктөш-банктар менен биргеликте төлөмдөрдү жылдыруу мүмкүнчүлүгүн жеке түрдө кароодо.

Кредиттик төлөмдөрдү убактылуу жылдыруу үчүн кредитти алган коммерциялык банктарга арыз менен кайрылсаңыздар болот. Банк кызматкерлери ар бир арызды жеке түрдө карап чечим чыгарышат. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын токтомуна ылайык, төлөмдөр 3 айга же андан ашык жылдырылышы мүмкүн.

Мындан сырткары, жакынкы 3 айда ипотекалык насыяларды төлөөдө кечиктирүүлөр үчүн эч кандай айып пул алынбашын маалымдайбыз.

Бидин компания, онлайн-тейлөө режимине өткөнүн белгилейбиз. Өнөктөш-банктардын кызматкерлери жана ипотекалык насыя алгандар, төлөмдөрдү убактылуу жылдыруу боюнча суроолор менен төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар:

(773) 86 80 70, (701) 20 33 08
(558) 37 35 29, (772) 38 93 98
0550 12 11 65, 0701 85 85 78 (whatsapp)
0770 94 10 80, 0701 85 85 99 (whatsapp)
0772 54 97 90 (whatsapp)

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, аманчылык каалайбыз!