Суроо-жооп

  • Саламатсыздарбы?
    Мен арыз калтырдым эле жооп алалбадым, кабыл алынбаса нанын себебин билейин дегем
    Жоопту Кайдан алсам болот?
    Арыз калтырган администрацияга барып жообун билсениз болот, анан 988901 телефондоруна чалыныз.
  • Салам,ипотекага уй алалы делик эое,жол жобосун айтып бергилечи,алсак болобу
    Төмөнкү шилтемеден өтуп карасаныз болот.
    https://gik.kg/ky/borrowers/criteria/
  • Саламатсызбы?Мен 2018-жылы декабрьда 8% менен ипотека алганмын.Азыркы учурда 6% томондотуу болду.Бизде да томондотуу болобу деген суроого ал маселе боюнча иш жургузулуудо деген жоопту бир жылдан бери угабыз.Качан иш жузуно ашат.Жакын арада чечилсе жакшы болот эле.
    Саламатсызбы, тилеке каршы ал маселе тез чечилбейт экен.
  • Саламатсыздарбы? Мен мектепте иштейм мугалим жолдошум часный фирмада иштейт? 10 жылдан бери квартирада жашайбыз? Ипотеканын акчасын толой алабыз мугалимдин акчасы кобойду жолдошумдунда айлыгы жакшы ? Биз толой алабыз?
    Саламатсызбы, албетте сиз программага катыша аласыз.
    Токтогула 228, келиңиз.988901 телефондорго чалсаңыздар болот.
  • Саламатсызбы ?мен жолдошум частный фирмада ,мен болсо частный садикте иштейбиз,толоого мумкунчулугубуз бар ,шаарда 5жылдан бери квартирада турабыз ,алганга мумкунчулук болобу болсо кай жакка барып катталсак болот?
    Токтогул көчөсү 228. 610661,988901. Жеткиликтуу ипотека багыты боюнча алсаныз болот, 14 % менен 15 жылга берилет.
  • Саламатсыздарбы жакын арада каржылоо болобу?
    988901,610661 чалыңыз.
  • Саламатсыздарбы?Биз жолдошум экообуз тен гос .жумушта иштебейбиз Москва шаарында мигрантпыз ,биз ипотека алсак болобу ?мумкунчулук барбы?Кийинки суроом ....биздин которобуз айылда, шаардан домдордон уй алсак болобу???,же жашаган жеринен кана алганга мумкунбу уйду???

    Саламатсызбы, ипотека баардык Кыргызстандын жарандары учүн берилип жатат, бирок 14 % менен,баштапкы төлөм 20 %, мөөнөтү 15 лет. Эң негизги талаптары: турак жай жоктугу жана займчылардын кирешеси. Төмөнкү шилтеме боюнча толук маалымат алсаңыздар болот.

    gik.kg/ky/news/full/814.html
  • Каржылоо качан болот
    Саламатсызбы,988901 телефонуна кайрылсаңыздар болот.
  • Саламатсызбы. Мен Россияда иштейм. Сиздерден ипотекага үй алсам болобу? Бул жакта иштеп, убагында төлөгөнгө мүмкүнчүлүк бар.
    Саламатсызбы, эгерде сиз Кыргызстандын жараны болсонуз, жана зарыл талаптарга ынгайлүү болсонуз, "Жеткиликтүү ипотека" багыты боюнча 14 процент менен алсаңыз болот.
  • Саламатсызбы. Мен 2016-жылы декабрда 30 пайыздан жогору депозит коюу менен ипотека алгамын, (18000 АКШ долл.) Азыйркы учурда пайыздык ставкасы 8 % менен төлөп жатам. Ушул жылы күзүндө 6 % га түшөт деп МИК тин жетекчиси Президент менен жолуккканда жана ЖК да айткан эле. Качан ишке ашат? Качан 6% менен төлөп баштайбыз?
    Саламатсызбы, ал маселе боюнча иштер жүргүзүүдө. Сайтыбызга жарыялайбыз.

Задайте ваш вопрос:

Секретный код!