КР аймактырында даяр батирлерди жана үйлөрдү сатып алыңыздар
"РСК БАНК" ААК, “КЫРГЫЗСТАН КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКЫ” ААК ЖАНА "КЫРГЫЗ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК-КРЕДИТ БАНКЫ" ЖАК (KICB) БАНКТАР АРКЫЛУУ КЕЗЕКСИЗ БЕРИЛҮҮДӨ
Көңүл буруңуздар: өнүм Бишкек жана Ош шаарларынын сыртында турак жай реконструкциялоо шарты менен ишке ашырылат
Катышуучуларга болгон талап
Катышуучу: Бишкек жана Ош шаарларынын сыртында жашаган жана эмгектенген же ишкердик иш менен алектенген төмөн жана орто кирешелүү, 600 евродон (насыя алууга арыз берүү учурунда КРУБ курсу боюнча улуттук валютадагы эквивалент) ашпаган кирешелери бар КР 21 жаштан 65 жашка* чейинки бардык жарандар.
Үй-бүлөлүк статусу: Милдеттүү түрдө үй-бүлөлүү болуш керек, ушул эле толук эмес үй-үбөлүү жарандар катыша алат.
Эмгек стажы:
Турак жай жоктугу**: Катышуучунун, анын жолдошунун (жубайынын) жана жашы жетпеген балдарынын КР аймагында менчик турак жай жоктугу
Турак жай менен болгон бүтүмдүн жоктугу: Программага катышууга өтүнмө бергенге чейин акыркы 3 жылда катышуучунун, анын жолдошунун (жубайынын) жана жашы жетпеген балдарынын КР бардык аймактарында турак жай менен болгон кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөр болбошу керек.
Башкалар: Катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү жетиштүү болушу керек.
*«МИК» ААК ишке ашырып жаткан турак жай программаларына катышууга өтүнмө берген учурда 21 жаш куракта жана акыркысын төлөп жатканда 65 жашка чейин болушу керек
**«МИК» ААК ишке ашырып жаткан турак жай программаларына катышуучунун, анын жолдошу (жубайы) жана жашы жетпеген балдары тарабынан мураска берилген турак жай 12 чарчы м. аз үлүшү болгон учурларда жол берилет.
Сатып алынып жаткан турак жайга болгон талаптар
Сатып алынуучу турак жай: Эмгек ишин жүргүзүп жаткан жерден (Бишкек жана Ош шаарларынын сыртындагы) 60 км радиустагы аралыкта экинчилик рыноктогу батир же жеке турак жай
Жалпы аянты:
Турак жай наркы: Насыя алууга арыз берүү учурунда КРУБнын курсу боюнча улуттук валютадагы эквиваленттеги турак жай үчүн 30.000 еврого чейин.
Реконструкция - турак жай аянтын кеңейтүүнү же анын энергиялык натыйжалуулугун жакшыртууну гана камтыйт:
Жылуулукту жана энергиялык натыйжалуулукту жогорулаткан турак жайды конструкциялоодогу башка капиталдык өзгөртүүлөр
Насыянын негизги шарттары
Ипотекалык насыянын максаттуу багыты: турак жай сатып алып реконструкциялоо (аянтын кеңейтүү, үйдүн энергиялык натыйжалуулугун жакшыртуу ж.б.)
Насыянын валютасы: Кыргыз сому
Насыянын макс. суммасы: Насыя алууга арыз берүү учурунда КР Улуттук Банкынын курсу боюнча улуттук валютадагы эквиваленттеги 24 000 еврого же ипотекалык кепилдикти колдонуу шартында 30 000 еврого чейин
Насыянын мөөнөтү: 5 жылдан 15 жылга чейин
Баштапкы төгүм: сатылып алынган турак жай наркынын 20%* кем эмес
Пайыздык чен: жылдык 8%
Комиссия: "Кепилдик фонд" ААК ипотекалык кепилдикти пайдалануу үчүн комиссиядан тышкары ипотекалык кредитти администрациялоо үчүн ар кандай комиссиялык жана башка кошумча комиссия алынбайт
Күрөөлүк камсыздоо: Сатып алынуучу турак жай күрөөгө алынат
Камсыздандыруу: Турак жай насыянын жалпы пайдалануу мөөтөтүнө насыя алуучу тарабынан камсыздандырылып турат.
Насыялоо этаптары:
1-транш. Турак жай сатып алууга
2-транш. Турак жайды реконструкциялоого
*Баштапкы төгүм жок болсо кошумча күрөө коюу мүмкүнчүлүгү берилет же "РСК Банк" ААК аркылуу ипотекалык насыя алууда баштапкы төлөм катары «ГФ» ААКнун ипотекалык кепилдиктерин колдонсоңуз болот.