КЫР
Өтүнмө берүү

Бишкек жана Ош шаарларынан даяр турак жай сатып алуу

Баардык жарандар үчүн даяр турак жай сатып алууга 14% ипотека

 

Урматтуу кардарлар, учурда бул продукт боюнча каржылоо убактылуу токтотулду. МИК аталган продукту каржылоо үчүн каражат тартуу боюнча иш алып барууда. Каражат болгондо, биз Сиздерге билдиребиз.

Катышуучуларга болгон талап

Катышуучу: Бишкек жана Ош шаарларында жашаган жана эмгектенген же ишкердик иш менен алектенген КР 21 жаштан 65 жашка* чейинки бардык жарандар.

Эмгек стажы: Жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес же учурда иштеп жаткан уюмда стажы бир жылдан кем эмес болушу керек.

Турак жай жоктугу**: Катышуучунун, анын жолдошунун (жубайынын) жана жашы жетпеген балдарынын КР аймагында менчик турак жайы болбошу керек.

Турак жай менен болгон бүтүмдөрдүн жоктугу: Программага катышууга өтүнмө бергенге чейин акыркы 3 жылда катышуучунун, анын жолдошунун (жубайынын) жана жашы жетпеген балдарынын Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында турак жай менен болгон кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөр болбошу керек.

Башкалар: Катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү жетиштүү болушу керек.

*«МИК» ААК ишке ашырып жаткан турак жай программаларына катышууга өтүнмө берген учурда 21 жаш куракта жана акыркысын төлөп жатканда 65 жашка чейин болушу керек

**«МИК» ААК ишке ашырып жаткан турак жай программаларына катышуучунун, анын жолдошу (жубайы) жана жашы жетпеген балдары тарабынан мураска берилген турак жай 12 чарчы м. аз үлүшү болгон учурларда жол берилет.

Сатып алынып жаткан даяр турак жайга болгон талаптар 

Сатып алынуучу турак жай: Эмгек ишин жүргүзүп жаткан жерден 60 км радиустагы аралыкта болушу талап кылынат

Жалпы аянты:

  • Көп батирлүү үйдөгү батирлер - аянты 80 чарчы метрден ашык эмес 
  • Жеке турак үйлөр - аянты 150 чарчы метрден ашык эмес

 

Насыянын негизги шарттары

Ипотекалык насыянын максаттуу багыты: Даяр турак жай сатып алуу жана ал жерде жашоо милдеттүү шарт болуп саналат

Насыянын валютасы: Кыргыз сому

Насыянын макс. суммасы: 3 000 000 сомго чейин

Насыянын мөөнөтү: 5 жылдан 15 жылга чейин

Баштапкы төгүм: сатылып алынган жаткан турак жай наркынын 20%* кем эмес

Пайыздык чен: жылдык 14%

Комиссия: Ипотекалык насыяны алууга байланыштуу жана башка комиссиялар алынбайт

Күрөөлүк камсыздоо: Сатып алуучу турак жай күрөөгө алынат

Камсыздандыруу: Турак жай насыянын пайдалануу мөөнөтүнө насыя алуучу тарабынан камсыздандырылып турат. 

 

*Баштапкы төгүм жок болсо кошумча күрөө коюу мүмкүнчүлүгү бар 

Ипотекалык калькулятор

Сатылып алынып жаткан турак жайдын наркы

сом

500 000

9 000 000

Сатылып алынып жаткан турак жайга баштапкы төгүм

сом

Насыя боюнча пайыздык коюм (% жылдык)

%

Насыянын мөөнөтү

жыл

5 жыл

15 жыл

Насыянын пайыздык чени
Ай сайын төлөм
сом
Насыянын суммасы
сом
Эсептөө

Бөлүшүү:

сайт Sunrise студиясынан иштелип чыккан