Турак жай сатып алууга багытталган 4% ипотека
Катышуучуларга болгон талап
Катышуучу: 21 жаштан акыркы төлөмдү төлөгөн учурда 70 жашка чейинки КР жараны болушу керек.
Эмгек стажы: Жалпы эмгек стажы 2 жылдан кем эмес же учурда иштеп жаткан уюмда стажы бир жылдан кем эмес болушу керек.
Турак жай жоктугу*: Катышуучунун, анын жолдошунун (жубайынын) жана жашы жетпеген балдарынын КР аймагында менчик турак жайы болбошу керек.
Турак жай менен болгон бүтүмдөрдүн жоктугу: Программага катышууга өтүнмө бергенге чейин акыркы 3 жылда катышуучунун, анын жолдошунун (жубайынын) жана жашы жетпеген балдарынын КР бардык аймактарында турак жай менен болгон кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөр болбошу керек.
Башкалар: Катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү жетиштүү болушу керек.
*Программага катышуучуда, анын жолдошунда (жубайында) жана жашы жетпеген балдарында 20 чарчы м. аз болгон турак жай үлүшү болгон учурларда Программага катышууга жол берилет
Сатып алынып жаткан даяр турак жайга болгон талаптар
Сатып алынуучу турак жай: Эмгек ишин жүргүзүп жаткан жерден 60 км радиустагы аралыкта же иштеген жери боюнча облустун административдик-аймактык чек арасынын чегинде сатып алышат
Жалпы аянты:
Турак жай наркы: 1 чарчы м. баасы 70 000 сомдон ашпашы керек (акыркы 10 (он) жылдын ичинде пайдаланууга берилген турак жайларга бир чарчы метрдин максималдуу наркы боюнча чектөөлөр колдонулбайт)
Насыянын негизги шарттары
Ипотекалык насыянын максаттуу багыты: Турак жай сатып алуу жана ал жерде жашоо милдеттүү шарт болуп саналат
Насыянын валютасы: Кыргыз сому
Насыянын макс. суммасы: 4 000 000 сомго чейин
Насыянын мөөнөтү: 15 жылдан 25 жылга чейин
Баштапкы төгүм*: сатылып алынган турак жай наркынын 10% кем эмес
Пайыздык чендери: - жылдык 4%
Комиссия: Ипотекалык насыяны алууга байланыштуу жана башка комиссиялар алынбайт
Күрөөлүк камсыздоо: Сатып алынуучу турак жай күрөөгө алынат
Камсыздандыруу: Сатылып алынган турак жай насыянын пайдалануу мөөнөтүнө насыя алуучу тарабынан камсыздандырылып турат.
*Баштапкы төгүм жок болсо кошумча күрөө коюу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле, менчик турак жайы жок болгон шартта, өздүк камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес суммада пенсиялык топтоолорду баштапкы төгүм катары колдонсо болот