Турак жай сатып алууга максаттуу аманаттар
Көңүл буруңуздар: Өнүм ишке кирүү процессинде
Контракттык турак жай аманат системасы турак жай сатып алуу үчүн жарандардан турак жай аманаттарын акырындык менен үзгүлтүксүз топтоону камсыздап, ар бир жаранга өз үй-бүлөсүнүн финасылык бакубаттуулугун түптөөгө жардам берет. Бул система дүйнө жүзүндө өз натыйжалуугун далилдеп келген, Европа жана Азия өлкөлөрүндө кеңири жайылган.
Мамлекеттик Ипотекалык Компания жана Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму биргеликте 2020-жылдын 14-майында "Турак-жай аманат кредиттик компания "Ак-Босого" аттуу туунду компаниясын түзүштү. Аталган компания жарандарга турак жай сатып алуу үчүн ыңгайлуу механизмдерин сунуштайт.
Бул жабык системанын алкагында эки гана финансылык операция жүргүзүлөт - турак жай сатып алууга каражат топтоо жана ипотекалык каржылоо. Топтоо мөөнөтү аяктагандан кийин кардарлар рыноктук чендерге салыштырмалуу бир топ жеңилдетилген пайыздык чендер боюнча ипотекалык насыя алуу укугуна ээ болушат.
Топтоо мөөнөттөрү 10 жылга чейин. Топтоо мөөнөтү аяктагандан кийин системанын катышуучулары 20 жылга чейинки мөөнөткө жеңилдетилген пайыздык чендер менен турак жай насыяларын ала алышат. Жарандардын салымдары Кыргыз Республикасынын Депозиттерин коргоо боюнча агенттиги тарабынан камсыздандырылат.
Компания КР Улуттук Банкынын лицензиясын алгандан кийин толук кандуу иштеп баштайт.