КЫР
Өтүнмө берүү

ММКлардагы макалалар жөнүндө МИКтин билдирүүсү

Июнь 12, 2020

Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр!

"Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААК (МИК) айрым ММКлардагы биздин компания жөнүндө акыркы терс макалалар жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирет.

МИКтин аброюн жаманатты кылуу максатында атайылап жалаа жабууга багытталган кампания жүргүзүлүүдө. Бул МИК ишмердүүдүлүгүн оптималдаштыруусуна жана кызматкерлердин санын кыскартууга байланыштуу мурдагы жана учурдагы айрым кызматкерлердин нааразычылыгынан улам чыгып жаткан жагдай.

Жаш жана динамикалуу өнүгүп келе жаткан компания катары, биз учурдагы иш-аракеттерибизге, бизге сыяктуу компаниялардын эл аралык тажрыйбасына иликтөө жасайбыз, тобокелдиктерди таразалап, эсептөөлөрдү жүргүзүп, ишмердүүлүгүбүздүн багыттарынын натыйжалуулугу жана эффективдүүлүгү жөнүндө жыйынтык чыгарабыз. МИК Бишкек жана Нарын шаарларында көп кабаттуу эки турак жайдын курулушу аяктагандан кийин, сарпталган каражатты, эмгекти, күчтү жана убакытты талдап чыгып, курулуш иштерине түздөн-түз катышуу натыйжасыз деген жыйынтыкка келди. Ошого карабастан, жеткиликтүү турак жай курулушу зарыл, бирок курулуштун көлөмүн көбөйтүү үчүн мамлекеттин жана курулуш бизнесинин колунда болгон бардык ресурстарын пайдалануу керек.

Биз мамлекеттик курулуштун эл аралык тажрыйбасы боюнча изилдөө, өлкөнүн курулуш рыногун талдоо, курулуш бизнесинин катышуучулары жана мамлекеттик органдар менен диалог жүргүздүк. Башка өлкөлөрдө турак жай программаларын ишке ашыруу тажрыйбасын талдап чыгып, бардык учурларда комплекстүү чаралар колдонулгандыгын көрдүк. Бул туура, анткени турак жай камсыздоо көйгөйү орчундуу жана жалгыз гана институттун күчтөрү менен чечилиши мүмкүн эмес. Курулуш, жер бөлүү, коммуникацияларды кошуу, жеткиликтүү турак жайларды долбоорлоо, ресурстарды тартуу жана ипотекалык каржылоо функцияларын ажыратылышы зарыл. Ушуга байланыштуу, көрсөтүлгөндөй комплекстүү иш-чараларды сунуш кылган жаңы турак жай программасынын долбоору иштелип чыккан. Тийиштүү мамлекеттик органдардын жана жеке курулуш компаниялардын активдүү катышуусу аркылуу ушул ыкманын колдонуусу турак жай камсыздоо маселесин натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ушул кезге чейин жогоруда аталган функциялардын дээрлик бардыгын биздин компания аткарган жана иш жүзүндө көрсөткөндөй, мындай көрүнүш программаны натыйжалуу ишке ашырууга тоскоолдуктарды жаратууда.

Ошентип, жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо программасы коркунучка учурабайт. Тескерисинче, орто мөөнөттүү мезгилге жаңы Программаны кабыл алуу менен өнүгүүгө кошумча дем берилет. Өкмөттүн жаңы турак жай программасын ишке ашырууга жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өзүн-өзү башкаруу органдары, Мамкурулуш, Экономика министрлиги жана жеке бизнес катышат. Жеткиликтүү турак жай курулуш чөйрөсүндө МЖӨ механизмин жигердүү пайдалануу күтүлүүдө. Талаптарды канааттандыруу жана жарандарды турак жай сатып алуу үчүн финансылык ресурстар менен камсыз кылуу болгон биздин компаниянын негизги милдетине таянып, МИК ипотекалык каржылоонун ар кандай механизмдерин иштеп чыгууга жана жайылтууга, атап айтканда, ипотекалык баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүгө, бюджеттен көз карандылыкты азайтуу үчүн, донордук уюмдардан узак мөөнөттүү жана арзан ресурстарын тартууга ишмердүүлүгүн күчөтүүдө.

Компания өзүнүн ишмердүүлүгүнүн башталышынан бери ири көлөмдөгү жумуштарды аткарды. Мамлекеттик ипотекалык каржылоо механизмдери иштелип чыккан жана киргизилген, биринчи ипотекалык баалуу кагаздар чыгарылган, эки көп кабаттуу турак жай курулган, ченемдик укуктук актылар иштелип чыгып бекитилген. Жакында мамлекеттик турак жай программаларынын катышуучуларын каттоо үчүн электрондук портал киргизилет. МИК ишмердүүлүгүн санариптештирүү жарандарга үйдөн чыкпай уюлдук телефондор аркылуу ипотекалык насыя алуу үчүн арыз берүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Биринчи мамлекеттик ипотекалык насыялар жылдык 12-14% пайыздык чендер менен берилсе, азыркы учурда азайтылып, насыялар жылдык 6-8% пайыздык чендер менен берилүүдө. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча миңдеген үй-бүлөлөр өздөрүнүн конуштарына ээ болду. Өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү максатында KfW Германиянын Өнүктүрүү Банкынын каражаттары активдүү түрдө 15 жылга чейинки мөөнөткө жылдык 10% менен берилүүдө.

Ошентип, МИК процесстерди санариптештирүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарууда. Натыйжалуу чоң иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан, айрым адамдар, бизге каршы кара маалымат кампаниясын жүргүзүп жатышат. Албетте, ар бир жарандын кайрылуусу компетенттүү органдар тарабынан текшерилиши зарыл. Ушуга байланыштуу, биз текшерүүлөргө жана суралган бардык маалыматтарды жана тиешелүү документтерди берүүгө даярдыгыбызды билдиребиз. Компаниянын иш-аракети ачык жана айкын. Текшерүүлөр компаниянын күнүмдүк ишине тоскоол болгонуна карабастан, биздин жарандар, кардарлар жана өнөктөштөр акыркы терс макалалар негизсиз экендигин жана жарандарыбыздын кызыкчылыгы үчүн компания таза иштегендигин дагы бир жолу тастыктоо максатында, компетенттүү органдардын текшерүүсүнүн натыйжасын алууга кызыкдарбыз.

сайт Sunrise студиясынан иштелип чыккан