КЫР
Өтүнмө берүү

"Менин үйүм 2021-2026" программасынын башталышы

Сен. 6, 2021

"МИК" ААКун электрондук порталында катталган бардык жарандардан арыздын толуктугун жана тууралыгын текшерүүнү суранабыз https://portal.gik.kg

Инструкция шилтеме боюнча: https://clck.ru/XJryj

"Менин үйүм 2021-2026" программасынын ишке ашыруусу 2021-жылдын 16-сентябрында башталат. Ипотека үчүн кайрылуу өнөктөш-банктар жөнүндө маалымат кошумча түрдө сайтка жайгаштырылат.

Мамлекеттик ипотекалык кредиттер төмөнкү багытар боюнча берилет:

1. Бюджеттик сектордун кызматкерлери үчүн "жеңилдетилген ипотека":
Продукт "Даяр турак жайды сатып алуу":

- пайыздык чен - жылдык 4%;
- баштапкы төлөм - 10% дан (баштапкы төлөм жок болгон учурда, кошумча күрөө камсыздалышы мүмкүн);
- кредиттин мөөнөтү - 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
- ипотекалык насыянын максималдуу суммасы - 4 миллион сомго чейин;

Продукт "Жеке турак жай куруу":
- курулуш мезгили үчүн жылдык 8% жана курулуш аяктагандан кийин жылдык 4% пайыздык чен;
- баштапкы төлөм - 20%дан жогору;
- кредиттин мөөнөтү - 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
- ипотекалык насыянын максималдуу суммасы - 4 миллион сомго чейин;

 

2. "Жеткиликтүү ипотека" жарандардын бардык категориялары:


Продукт "Даяр турак жайды сатып алуу" (Бишкек жана Ош шаарларында берилет):
- пайыздык чен жылдык 8%;
- 20% өлчөмүндөгү баштапкы төлөм (баштапкы төлөм жок болгон учурда, кошумча күрөө камсыздалышы мүмкүн);
- кредиттин мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
- ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 5 миллион сомго чейин.

 

Продукт "Жеке турак жай курулушу" (Бишкек жана Ош шаарларында берилет):

- пайыздык чен жылдык 8%;
- 20% өлчөмүндөгү баштапкы төлөм (баштапкы төлөм жок болгон учурда, кошумча күрөө камсыздалышы мүмкүн);
- кредиттин мөөнөтү 15 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
- ипотекалык насыянын максималдуу суммасы насыя алууга арыз берүү учурунда КР Улуттук Банкынын курсу боюнча улуттук валютадагы эквиваленттеги 24 000.

"Ашар", "Кут-Конуш", "Бек-Устун" продуктулар (КР бардык аймактарында, Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары):
- курулуш мезгили үчүн жылдык 12% жана курулуш аяктагандан кийин жылдык 8% пайыздык чен;
- 20%дан баштапкы төлөм;
- кредиттин мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
- ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 5 миллион сомго чейин.


Эки багыт боюнча сатып алынган турак-жайларга болгон талаптар:
- көп кабаттуу үйдөгү батирлер үчүн - жалпы аянты 80 чарчы метрден ашпоого тийиш;
- жеке турак жай имараттары үчүн - жалпы аянты 150 чарчы метрден ашпоого тийиш;
- турак жайдын бир чарчы метринин баасы 60 000 сомдон ашпашы керек.

 

сайт Sunrise студиясынан иштелип чыккан