КЫР
Өтүнмө берүү

Мамлекеттик Ипотекалык Компания жарандардын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасына катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында жаш чектөөсүн алып салууда.

Окт. 18, 2021

“Мамлекеттик ипотекалык насыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ”мыйзамдын долбоору иштелип чыкты. Анда ипотекалык насыялоонун мөөнөтүнө карата негизги шарттарды кайра кароо пландаштырылууда. Бул Мыйзамдын долбоору КР ЖК депутаты Г.К. Асылбаева менен биргеликте даярдалып, учурда коомдук талкуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтында жарыяланган.

Мыйзам долбоорунда ипотекалык насыянын мөөнөтүн 25 жылга өзгөртүү сунушталган. Бул 70 жашка чейинки курактагы жарандарга мамлекеттик турак жай программаларына катышууга жана жеңилдетилген шартта турак жай сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасына акыркы кредит төлөө учурунда жаш чегин 65тен 70 жашка чейин жогорулатуу үчүн өзгөртүү киргизилүүдө.

Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы Кыргыз Республикасында турак жай ипотекалык насыялоо шарттарын кыйла жеңилдетет жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга сезилээрлик социалдык-экономикалык таасир бере алат. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү турак жай саясаты менен тыгыз байланышта, анткени турак жай өлкөнүн жарандарынын негизги муктаждыктарынын бири.

сайт Sunrise студиясынан иштелип чыккан