КЫР
Өтүнмө берүү

Ипотекалык насыялоо процесстерин санариптештирүү

Авг. 9, 2020

2020-жылдын 10-августунан баштап МИК мамлекеттик турак жай программаларына катышуу үчүн арыз берүүнүн электрондук формасын ишке киргизүүдө. МИКтин ишмердүүлүк процесстерин санариптештирүү жарандарга убакытты жана акчаны үнөмдөөгө, ошондой эле бюрократиялык чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет.

Бүгүнкү күндө жарандар үйлөрүнөн чыкпай эле, уюлдук телефон аркылуу да, ипотекалык насыя алуу үчүн арыз бере алышат. Электрондук порталдын жардамы менен МИК 24 саат, жумасына 7 күн, кардарлардын жанында туура кол астында болот.

МИКтин электрондук порталында каттоо, төмөнкүдөй  болот.

1. МИКтин https://portal.gik.kg  веб-сайтында Сиз өзүңүз, жубайыңыз жана жашы жете элек балдарыңыз жөнүндө маалыматты толтуруу үчүн Жеке кабинет ачылат.

2. Бардык керектүү маалыматтарды толтургандан кийин, Сиз идентификациялоо процедурасынан өтүп, өзүңүздүн жана күйөүңүздүн (аялыңыздын) жеке маалыматтар менен иш жүргүзүүгө макулдугун беришиңиз керек.

3. Сиз идентификациялоо процедурасын жана жеке маалыматтар менен иш жүргүзүүгө макулдукту мобилдик Balance.kg тиркемеси аркылуу.

Мамлекеттик турак жай программаларын тандоо критерийлерине ылайыктуулугун текшерүгө мамлекеттик органдардан электрондук маалыматтарды сурап алуу үчүн жеке маалыматтар менен иш жүргүзүүгө макулдук керек. Макулдукту бергенден кийин, мамлекеттик органдардан маалымат суроо үчүн акы төлөнүш керек. Элсом, MegaPay, Balance.kg жана РСК 24 сыяктуу электрондук төлөө кызматтары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү бар.

Сиз мамлекеттик органдардан төмөнкү маалыматарды суроо үчүн төлөйсүз:

- үй-бүлөлүк абалы;

- иш стажы;

- турак жайдын жок же бар экендиги.

Бир адам үчүн маалымат суроо кызматынын баасы 78 сом, анын ичинен:

- 20 сом – туруктуу SMS билдирүү;

- 2 сом - паспорттун маалыматтары жана үй-бүлөлүк абалы;

- 56 сом - турак жайдын бар же жок экендиги жөнүндө маалымат.

Мурда жогорудагы маалыматты ырастоо үчүн бир нече документтердин топтомун чогултуу керек болчу, эми Сиз баарын бир баскычты басып ырастап жатасыз. Мындан ары баасы бир адамга 150 сомдон 200 сомго чейин болгон, дагы бир маалымкат алуу үчүн кезекке туруунун кажети жок.  

Каттоо инструкциясы

Жеке маалыматтар менен иш жүргүзүүгө макулдукту мобилдик Balance.KG тиркемеси аркылуу берүү үчүн инструкциясы

сайт Sunrise студиясынан иштелип чыккан