КӨҢҮЛ БУРГУЛА! МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ!
Өлкөнүн бардык аймактарында “Жеңилдетилген ипотека” (жылдык 4%) багыты боюнча банктар аркылуу ипотекалык кредиттерди берүү убактылуу токтотулду. Ошондой эле, Бишкек жана Ош шаарларында “Арзан ипотека” (жылдык 8%) багыты боюнча ипотекалык насыяларды берүү убактылуу токтотулду.
“МИК” ААКу финансылык ресурстарды Программанын алкагында жеткиликтүү турак жайларды курууга колдонууда. Бишкек шаарында курулуш иштери башталды, курулуштун кийинки этабы өлкөнүн аймактарында улантылат.
Аяктагандан кийин курулган турак жай ушул эле тизме боюнча өнөктөш-банктардын катышуусуз “МИК” ААКан түздөн-түз сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен узак мөөнөттүү ижарага берилет.
Ушул эле учурда, Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары, өлкөнүн аймактарында иштеген жана жашаган бардык жарандарга (мамлекеттик жана жеке сектордун кызматкерлери) KfW Германия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасында турак жай каржылоо” программасы боюнча өнөктөш банктар аркылуу ипотекалык кредиттер кезексиз берилип жатат. Өнөктөш-банктар: “Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк” ЖАК, “РСК Банк” ААК жана “КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы” ААК.
Кредиттин шарттары: 15 жылга чейин; жылдык 8%; сатып алынуучу турак жайдын наркынын 20% дан кем эмес баштапкы төлөм Кененирээк
“Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча электрондук порталында бекитилген программанын бардык катышуучулары, “РСК Банк” ААК жана “Айыл Банк” ААК филиалдарына кайрылса болот.
МААНИЛҮҮ! “МИК” ААКун ипотекалык продуктыларына суроо-талаптын жогору болушуна жана финансылык ресурстардын чектелишине байланыштуу, ипотекалык кредиттерди кароо жана берүү кезектүүлүктү түзүү аркылуу менен төмөндөгүдөй түрдө ишке ашырылат:
1. Банктын кеңсесине барганда Банктын кызматкери Сиздин арызыңызды электрондук порталда “МИК тарабынан жактырылды” деген статусу бар-жоктугун текшерет жана “Банктын кароосунда” деген статусун коет (учурда, статустун белгиленген күнү жана убактысы электрондук порталга жазылат, кошумча SMS–билдирүү жөнөтүлөт);
2. “Банктын кароосунда” деген статусунун белгиленген убактысы жана датасы боюнча “МИК” ААКун электрондук порталы турак жай алууга арыздардын кезегин автоматтык түрдө белгилейт;
3. Турак жай алууга баардык арыздар, курулуштун бүтүшүнө жараша каралат.
Кезектүүлүк тизмеси автоматташтырылган режимде гана күнү жана убактысы боюнча түзүлөт. Кезектүүлүк тизмесине кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Кезектүүлүктүн автоматташтырылган тизмесин айланып өтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө үчүнчү жактар тарабынан кандайдыр бир сунуштар келип чыккан учурда МИК ААКна кайрылууну суранабыз (Анонимдүүлүккө кепилдик берилет).
Бардык суроолор боюнча https://gik.kg/ru/contacts/ номерлерине кайрылсаңыздар болот. Эгерде кандайдыр бир суроолоруңуз болсо, биз менен байланыша албасаңыз, info@gik.kg электрондук дарегине жазсаңыз болот, бардык билдирүүлөргө “МИК" ААКу өз убагында жооп берет. Жарандарды тейлөө жана кеңеш берүүнүн түйшүгүнүн жогору болушуна түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз.
2023-жылдын 24-февралына (18:00) карата мамлекеттик ипотекалык насыя алуу үчүн өнөктөш банктарга кайрылган программанын катышуучуларынын тизмеси.
Республиканын аймактары үчүн (Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары) толук камтууга кошумча кезектүүлүк берилген.
"ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН ИПОТЕКА" БАГЫТЫ БОЮНЧА ТИЗМЕ
"АРЗАН ИПОТЕКА" БАГЫТЫ БОЮНЧА ТИЗМЕ
"АРЗАН ИПОТЕКА" - ИСЛАМ КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИ БАГЫТЫ БОЮНЧА ТИЗМЕ
ӨЛКӨНҮН АЙМАКТАРЫНДА "ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН ИПОТЕКА" БАГЫТЫ БОЮНЧА ТИЗМЕ
Тизмеде программанын катышуучусунун арызынын номери жана иштеген жери жазылган. Арызыңыздын номерин өзүңүздүн жеке кабинетиңизден биле аласыз.
Каржылоого жарамдуу арыздар көк түстө белгиленген.