КЫР
Өтүнмө берүү

2022-жылдын 21-февралынан тартып «МИК» ААК өнөктөш-банктар аркылуу “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында “Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча ипотекалык кредиттерди каржылоону жана берүүнү улантат

Фев. 17, 2022

Урматтуу “Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын катышуучулары!

 

2022-жылдын 21-февралынан тартып «МИК» ААК өнөктөш-банктар аркылуу “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында “Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча ипотекалык кредиттерди каржылоону жана берүүнү улантат.

“Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча электрондук порталында бекитилген программанын бардык катышуучулары, “РСК Банк” ААК, “Айыл Банк” ААК жана “Бакай Банк” ААК филиалдарына кайрылса болот.

МААНИЛҮҮ! «МИК» ААКун ипотекалык продуктыларына суроо-талаптын жогору болушуна жана финансылык ресурстардын чектелишине байланыштуу, ипотекалык кредиттерди кароо жана берүү кезектүүлүктү түзүү аркылуу менен төмөндөгүдөй түрдө ишке ашырылат:

1. Банктын кеңсесине барганда Банктын кызматкери Сиздин арызыңызды электрондук порталда “МИК тарабынан жактырылды” деген статусу бар-жоктугун текшерет жана “Банктын кароосунда” деген статусун коет (учурда, статустун белгиленген күнү жана убактысы электрондук порталга жазылат, кошумча SMS–билдирүү жөнөтүлөт);

2. “Банктын кароосунда” деген статусунун белгиленген убактысы жана датасы боюнча “МИК” ААКун электрондук порталы ипотекалык кредиттерди каржылоого арыздардын кезегин автоматтык түрдө белгилейт;

3. Документтерди толук чогултуу жана турак жайды издөө үчүн Сизге кошумча "Турак-жай издөөгө жана Банкка документтерди тапшырууга Сизге 20 күн берилет" деген SMS–билдирүү келген учурдан баштап 20 календардык күндөн ашык эмес убакыт берилет. Эгерде, Сиз белгиленген мөөнөттө керектүү документтерди чогултууга жана турак жай табууга үлгүрбөсөңүз, учурдагы каржылык ресурстардын чектелгенин эске алуу менен арызыңыздын статусу өзгөрүлөт. Бул учурда Сиз Банкка кайрадан кайрылууңуз керек, бирок бул учурда арызыңыздын статусту “Банктын кароосунда” деп өзгөрүлөт, электрондук порталда статусту белгилөөнүн жаңы датасы жана убактысы жазылат.

4. Банк тарабынан жактырылган баардык катышуучулардын ипотекалык кредит алууга арыздары «МИК» ААК тарабынан белгиленген мөөнөттө каржыланат.

 

!!! Банк-өнөктөш сиздин ипотекалык насыяңызды каржылоодон баш тартса, эмне кылуу керек?

Эгерде сиз өнөктөш банктын чечими менен макул болбосоңуз, электрондук порталдын жеке кабинетине апелляция берүү, кеңсеге баруу же info@gik.kg электрондук дарегине “кайрылуу” деген темада кат жөнөтүү аркылуу “МИК” ААКсына кайрылыңыз.

Ошондой эле, Мамлекеттик ипотекалык компания сизге ипотекалык насыялоонун альтернативдүү механизмдерин сунуштай алат!!!

Бардык суроолор боюнча https://gik.kg/ru/contacts/ номерлерине кайрылсаңыздар болот. Эгерде кандайдыр бир суроолоруңуз болсо, биз менен байланыша албасаңыз, info@gik.kg электрондук дарегине жазсаңыз болот, бардык билдирүүлөргө “МИК" ААКу өз убагында жооп берет. Жарандарды тейлөө жана кеңеш берүүнүн түйшүгүнүн жогору болушуна түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз.

сайт Sunrise студиясынан иштелип чыккан