КЫР
Өтүнмө берүү

“МЕНИН ҮЙҮМ 2021-2026” КАРЖЫЛОО ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Окт. 1, 2021

2021-жылдын 01-октябрынан тартып өнөктөш “Бакай Банк” ААК, “Айыл Банк” ААК жана “РСК Банк” ААК банктар “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында “Жеңилдетилген ипотека” (бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери) багыты боюнча арыздарды кабыл алууну убактылуу токтотушат. Бул багытта ипотекалык насыяларга суроо-талаптын чоң болгондугуна байланыштуу, “МИК” ААКун өнөктөш-банктары белгиленген каражаттардын чегинде кредит берүүгө арыздарды кабыл алышты (каражаттар чектелген).

“Жеңилдетилген ипотека” (бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери) багыты боюнча арыздарды кабыл алуу, өнөктөш банктарда учурдагы арыздардын кароосу бүткөндө башталат.

Арыз кабыл алуунун датасы жана убактысы “МИК” ААКун сайтында жазылат, жаңылыктарды окуптургула.

МААНИЛҮҮ! “Арзан ипотека” (жарандардын бардык категориялары) багыты боюнча белгиленген каражаттын чегинде арыздар кабыл алынууда. “Менин үйүм 2021-2026” программасынын бул багытта бардык катышуучулары электрондук порталда бекитилген, анын ичинде мурунку “Арзан турак жай 2015-2020” программасы боюнча бекитилген катышуучулар (тизме https://gik.kg/ru/members_detail/spisok-uchastnikov сайтында жеткиликтүү) “Бакай Банк” ААК банктын филиалдарына кайрылса болот.

!!! Ошондой эле “Арзан ипотека” багыты боюнча (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын региондорундагы жарандардын бардык категориялары) ипотекалык кредиттер “РСК Банк” ААК, “КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык Банкы” ААК жана “Кыргыз Инвестициялык-кредит Банкы” ЖАК (KICB) өнөктөш-банктары аркылуу берилүүдө Аймактардагы бардык жарандар жогорудагы банктарга кайрыла алышат (каржылоо белгиленген чектөөсүз).

 

сайт Sunrise студиясынан иштелип чыккан