КЫР
Өтүнмө берүү

МИК Кыргызстандын элчилерин инвестиция тартууда көмөктөшүүсүн суранды

Сен. 17, 2020

Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчилерине Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын (МИК) ишмердүүлүгү онлайн режимде тааныштырылды. МИКтин башкармалыгынын башчысы Элмира Абжапарова дипломаттардын көңүлүн жеңилдетилген ипотека насыяларын берүү үчүн каражаттын тартыш болуп жаткандыгына бурду.

"Бүгүнкү күндө жеңилдетилген ипотеканы алуу үчүн кайрылган 6 миңге жакын арыздар бар. Бул арыздарды канааттандыруу үчүн 8 миллиард сомдон ашык каражат керектелет." Жыл сайын турак-жайга жана турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандардын саны өсүп жатат. Ар кандай маалыматтар боюнча алардын саны 166 миңден 250 миң үй-бүлөгө чейин жетет", - деп айтты Э.Абжапарова.

МИКтин башчысы чет өлкөдөгү Кыргызстандын элчилерине кайрылып, ипотека секторуна каражат тартуу максатында, инвесторлорду табууга көмөктөшүүнү суранды.

Онлайн-конференция МИКтин демилгеси менен Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен өттү. Онлайн режиминдеги жолугушууну Тышкы иштер министрлигинин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев алып барды.

сайт Sunrise студиясынан иштелип чыккан