КЫР
Өтүнмө берүү

Эркин Тентишев Мамлекеттик ипотекалык компанияга 2 батир белек кылды.

Дек. 28, 2021

Өлкө башчысы Садыр Жапаров баштаган демилгени улай президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев Мамлекеттик ипотекалык компанияга 2 батир белек кылды.

Эркин Тентишев батирлердин ачкычтарын Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Аида Тологоновага тапшырып жатып, «Президент баштаган демилгесин улай, өлкөдөгү турак жай маселесин чечүүгө салым кошолу деп, үй-бүлөбүз менен кеңешип биз дагы 2 батир берүүнү чечтик», – деп билдирди.

Өз кезегинде Аида Тологонова Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай фондуна берилип жаткан батирлер үчүн ыраазычылык билдирди. Берилип жаткан батирлер «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына «кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага берүү», пландалып жатат

Эсиңиздерге сала кетсек, ушул жылдын ушул жылдын 30-сентябрында Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компанияга өзүнүн Бишкек шаарында жайгашкан эки кабат үйүн белек кылган. Учурда ал үй сатыкка коюлган. Сатуудан түшкөн акчага Программанын талаптарына ылайык келген батирлер сатылып алынып «кийин сатып алуу мүмкүүенчүлүгү менен ижарага» берилет.

сайт Sunrise студиясынан иштелип чыккан