КЫР
Өтүнмө берүү

МИКтин акционери бюджет тармагындагы кызматкерлердин ипотекалык насыяларынын пайыздык ченин 1 пунктка төмөндөттү

Фев. 8, 2021

Бүгүн, 8-февралда, Мамлекеттик Ипотекалык Компания ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу болуп өттү. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, акционер 2021-жылдын 15-февралынан тартып “Жеңилдетилген ипотека” багытында 2019-жылдын 1-ноябрына чейин берилген ипотекалык насыялар боюнча МИКтин маржасын 1 пайыздык пунктка төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Ошентип, 2019-жылдын 1-ноябрына чейин берилген учурдагы бардык ипотекалык насыялар боюнча жылдык пайыздык чендер 7-9% дан 6-8% га чейин төмөндөтүлөт. Ставка насыя алуучунун баштапкы төлөмүнө жараша болот.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын алкагындагы биринчи ипотекалык насыялар жылдык 12-14% чендер менен берилген. 2016-жылдан бери насыялардын үстөгү беш жолу төмөндөтүлдү. Акыркы төмөндөөлөр алтынчысы болуп эсептелинет. Пайыздык ченди төмөндөтүү МИКтин демилгеси. Бул багыттагы иштер бир топ убакыттан бери активдүү түрдө жүргүзүлүп келген.

сайт Sunrise студиясынан иштелип чыккан