КЫР
Өтүнмө берүү

Суроолор жана жооптор

1. Турак жай программасынын талаптарына ылайык келүүмдү кантип билсем болот?
Ноя. 17, 2020

www.gik.kg сайтынын жогорку оң бурчундагы "Өтүнмө берүү" баскычын басуу керек. Андан кийин, барактын ылдый жагындагы "Продуктту сунуштоо анкетасы" баскычына өтүп, сунушталган 9 суроого жооп бериңиз. Эгерде сиз турак жай программасынын талаптарына жооп берсеңиз, анда сизге эки багыттагы ипотеканын бири сунушталат: "Жеңилдетилген ипотека" же "Жеткиликтүү ипотека".

2. "Жеңилдетилген ипотека" жана "Жеткиликтүү ипотека" багыттарынын кандай айырмачылыктары бар?
Ноя. 17, 2020

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) ипотекалык насыяны эки багытта берет:

I). Бюджеттик уюмдардын кызматкерлери (мугалимдер, дарыгерлер, мамлекеттик кызматкерлер жана башка бюджеттен каржыланган мекемелердин кызматкерлери) үчүн "Жеңилдетилген ипотека". "Жеңилдетилген ипотека" багыты боюнча насыялар эки негизги ипотекалык продуктыларга берилет: "Даяр турак жайды сатып алуу" жана "Жеке турак жай куруу" (эгерде кардардын өзүнүн жер тилкеси болсо).

 

II) "Жеткиликтүү ипотека", Германия Өкмөтүнүн колдоосу менен жүзөгө ашырылууда жана жарандардын бардык категориясына багытталган (патенттин негизинде иштегендер, жеке компаниялардын, жалпылап айтканда жеке секторде иштеп жаткандар үчүн жана ошол эле учурда бюджеттик уюмдардын кызматкерлири дагы бул насыяны ала алат).

Насыя төлөө мүмкүнчүлүгү бар жарандарга берилет жана бул ипотекага турак жайды Бишкек жана Ош шаарларынан эмес, аймактарда жашап жана иштеп жаткан жарандарга берилет. Сатып ала турган турак жай сиз иштеп жана жашаган жерден 60 чакырымдан алыс болбошу керек.

3. "Жеңилдетилген ипотека" багытынын пайыздык чени канча?
Ноя. 17, 2020

"Жеңилдетилген ипотека" багыты боюнча пайыздык чендер жылдык 6-7-8% түзөт. Ставкалар алгачкы төлөмдүн суммасына жараша болот:

- баштапкы төлөм турак жайдын баасынан 10 пайыздан 20 пайызга чейин төлөнсө, насыянын жылдык ставкасы 8% болот;

- баштапкы төлөм 20%дан 30% га чейин төлөнсө, жылдык ставка 7%ды түзөт;

- баштапкы төлөм 30% жана андан жогору болсо, жылдык ставка 6% болот.

Ипотека насыялары 15 жылга чейин, мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүгү менен, комиссиясыз жана башка кошумча төлөмдөрсүз берилет.

4. "Жеткиликтүү ипотека" багытынын пайыздык чени канча?
Ноя. 17, 2020

Насыянын  жылдык ставкасы 10%ды түзөт. 15 жылга чейинки мөөнөткө, мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү менен, баштапкы төлөм сатып алына турган/курулуп жаткан турак жайдын наркынын 20% түзөт. Алгачкы төлөм жок болсо, кошумча күрөө койсо болот.

5. "Жеткиликтүү ипотека" багыты боюнча ипотека алуу үчүн эмне талап кылынат?
Ноя. 17, 2020

  • 12 айдан кем эмес иш тажрыйбасынын жана / же бизнес жана / же жеке үй чарбасынын (Жеке көмөкчү чарбанын) болушу;
  • Насыя алуучунун (жубайынын) жана жашы жете элек балдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак жайы жок болсо;
  • Кардар (жубайы) жана жашы жете элек балдары менен акыркы 3 жылда турак жайлар менен болгон алып-сатуу келишимдеринин жоктугу;
  • Төлөмдүүлүк;
  • Оң кредиттик тарых;
  • Үй-бүлөлүк абалы: толук үй-бүлөлүү же толук эмес үй-бүлөлүү болушу керек.

 

Үй-бүлөдөгү балдар:

а) чогуу жашаган ата-энесинин кеминде бирөөсүнүн жашы жете элек баласынын болуусу (биологиялык же асырап алынган);

б) билим берүү мекемелеринде күндүзгү бөлүмдө окуган, 25 жашка чейинки курактагы балдар;

в) жаш курагы чектелген, майыптыгына байланыштуу эмгекке жарамсыз балдар.

Бойго жетип калган үйлөнө элек бала/турмушка чыга элек кыз ата-энесинин бири менен жашап жаткан үй-бүлөлөр дагы катыша алат.

6. Ипотеканы баштапкы төлөмү жок алса болобу?
Ноя. 17, 2020

Ооба, болот. Алгачкы төлөм жок болсо, кошумча күрөө (кыймылсыз мүлк) коюга болот.

Андан тышкары 2019-жылдын аягынан баштап Социалдык фондунун алдындагы Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондундагы жеке камсыздандыруу эсебинен топтогон акчаларын ипотека алуу үчүн баштапкы төгүм катары колдонсо болот.

7. Менин жубайым Россияда иштейт, ал жеке (персоналдык) маалыматтарды иштетүүгө кантип макулдугун бере алат?
Ноя. 17, 2020

Сиздин жубайыңыз персоналдык маалыматтарын иштетүүгө макулдугун нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты жөнөтүү менен берет.

8. Бизде буга чейин бир бөлмөлүү батир бар болчу, бирок аянты чоңураак батирди алууну пландап жатабыз. Жеңилдетилген ипотека ала алабызбы?
Ноя. 17, 2020

Мамлекеттик турак-жай программасы жеке менчик турак жайы жок жарандар үчүн иштелип чыккан. Эгерде сизде үй бар болсо, бүгүнкү Программанын талаптарына ылайык, турак жай аянтыңызды кеңейтүү үчүн мамлекеттик ипотеканы ала албайсыз.

9. Мен патенттин негизинде иштеп жатам. Ай сайын 15 миң сомдон бир аз ашыгыраак киреше табам. Менин аялым бюджеттик уюмда иштейт. Анын айлыгы 10 миң сомду түзөт. 35 миң доллар турган үй сатып алуу үчүн ипотека алсак болобу?
Ноя. 17, 2020

Мындай учурда ипотеканы берүү же бербөө чечими МИКтин өнөктөш банкы тарабынан кабыл алынат. Өнөктөш банк (алардын катарында сегиз банк бар) сизден талап кылынган документтердин пакетин (жарандын жалпы кирешесин тастыктаган документтер, берилген күрөө ж.б.) анализдеп чыгат.  Өнөктөш банк өзүнүн ички жол-жобосуна ылайык, минималдуу эмгек акынын деңгээлин, кирешенин максималдуугун жана төгүмдү төлөгөндөн кийин кирешенин калдыгын аныктап анан чечим кабыл алат.

10. Мен мугалим болуп иштейм. Мен уулумду жалгыз тарбиялап жатам. Үч жыл мурун акча керек болуп калып үйдү саткам. Азыр ипотека алсам болобу?
Ноя. 17, 2020

Эгерде үй сатылгандан бери үч жыл же андан ашык убакыт өткөн болсо, анда электрондук каттоодон өтүп, кайрылсаңыз болот.

сайт Sunrise студиясынан иштелип чыккан