КЫР
Өтүнмө берүү

«Арзан ипотека» багыты (жарандардын бардык категориялары үчүн)

Мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо талаптары
Янв. 1, 2020

1. Ипотекалык насыя алып жаткан учурда 21 жаш курактан ипотекалык насыянын акыркы суммасын төлөп жатканда 65 жашка чейин болушу керек.
2. Жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес же бул учурда ишиндеги иш стажы бир жылдан кем эмес болушу;
3. Катышуучунун, анын жолдошунун (жубайынын) жана жашы жетпеген балдарынын менчик турак жайынын жоктугу;
4. Өтүнмө бергенге чейин акыркы 3 жылда катышуучунун, анын жолдошунун (жубайынын) жана жашы жетпеген балдарынын турак жай менен болгон кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
5. Катышуучунун төлөм жөндөмдүүлүгү.
6. Программанын катышуучуларынын турак жай маселелери боюнча арыздарын комиссия кароодо ипотекалык насыя алуунун биринчи кезектеги укугу төмөнкүлөргө берилет: 5 жана андан көп балдары бар көп балалуу үй-бүлөлөргө; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан адамдарга.

Мамлекеттик ипотекалык насыялоонун өнүмдөрү
Янв. 1, 2020

Бишкек жана Ош шаарларындагы даяр турак жайларды сатып алуу 

Өлкөнүн аймактарында жаңы турак жайды сатып алуу 

Өлкөнүн аймактарындагы экинчи турак-жай рыногунан үйдү сатып алуу жана реконструкция жумуштарын жүргүзүү 

Өлкөнүн аймактарында турак-жай куруу 

 

Программага катышууга арыз берүү
Янв. 1, 2020

МИКтин электрондук порталында каттоо, төмөнкүдөй  болот.

1. МИКтин https://gik.kg/kg/ веб-сайтында Сиз өзүңүз, жубайыңыз жана жашы жете элек балдарыңыз жөнүндө маалыматты толтуруу үчүн Жеке кабинет ачылат.

2. Бардык керектүү маалыматтарды толтургандан кийин, Сиз идентификациялоо процедурасынан өтүп, өзүңүздүн жана күйөүңүздүн (аялыңыздын) жеке маалыматтар менен иш жүргүзүүгө макулдугун беришиңиз керек.

3. Сиз идентификациялоо процедурасын жана жеке маалыматтар менен иш жүргүзүүгө макулдукту эки жол менен жүргүзө аласыз:

- жашаган жериңиз боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация жана МИКтин коммерциялык өнөктөш банктары аркылуу;

- уюлдук операторлордун мобилдик тиркемелери аркылуу.

Мамлекеттик турак жай программаларын тандоо критерийлерине ылайыктуулугун текшерүгө мамлекеттик органдардан электрондук маалыматтарды сурап алуу үчүн жеке маалыматтар менен иш жүргүзүүгө макулдук керек. Макулдукту бергенден кийин, мамлекеттик органдардан маалымат суроо үчүн акы төлөнүш керек. Элсом, MegaPay жана Balance.kg сыяктуу электрондук төлөө кызматтары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү бар.

сайт Sunrise студиясынан иштелип чыккан