КЫР
Өтүнмө берүү

Инвестицияларды тартуу

Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын  ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири - мамлекеттик ипотекалык насыялоо секторуна инвестицияларды тартуу. Бул максатта биздин компания бир топ эл аралык донорлор менен кызматташып келет.

Германиялык өнүктүрүү банкы KfW. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашуулардын алкагында ипотекалык каржылоого багытталган гранттык каражаттарды берүү боюнча келишим түзүлгөн. Каражаттар KfW Германиялык өнүктүрүү банкы аркылуу берилет.

I фаза – айыл жерлериндеги жана чакан шаарлардагы (Бишкек жана Ош ш. башка) төмөн, орто кирешелүү үй-бүлөлөр үчүн ипотекалык каржылоо - 11 млн. евро (10,5 млн. евро - ипотекалык каржылоо, 0,5 млн. евро - техникалык колдоо). Бул долбоор бүгүнкү күндө Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылууда. Ипотекалык насыялар төмөнкү шарттар менен берилет: жылдык 10%, мөөнөтү 15 жылга чейин, 20% өздүк салым талап кылынат. Кененирээк маалыматты бул шилтеме боюнча алсаңыз болот.

II фаза – 9 млн. евро (8,5 млн. евро - ипотекалык каржылоо, 0,5 млн. евро - техникалык колдоо).

III фаза –2019-жылдын июлунда, Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтүнө болгон Кыргыз Республикасынын 14,9 млн. евро суммадагы карызын өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде «МИК» ААК пайдасына конверсия кылуу боюнча келишим түзүлгөн.

Евразия өнүктүрүү банкы.  2019-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин отурумунда Евразиянын турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду тарабынан каржылануучу «Ипотекалык каржылоо» долбоору жактырылган. Азыркы учурда долбоордук өтүнмө Евразиянын турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду тарабынан каралууда.
 

Бүгүнкү күндө, өлкөнүн региондорунда Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары KfW долбоорунун айыл жериндеги жана кичи шаарлардагы кирешеси төмөн жана орто деңгээлдеги үй-бүлөлөр үчүн турак жайды каржылоо - 1 фазасы ишке ашырылып жатканын белгилейбиз. Насыялар төмөнкү шарттар боюнча берилүүдө: жылдык 10 %, мөөнөтү 15 жыл.

 

Бөлүшүү:

сайт Sunrise студиясынан иштелип чыккан