КЫР
Өтүнмө берүү

Пенсиялык топтоолорун ипотеканы каржылоого колдонуу

Азыркы учурда, жарандарга жана алардын жубайларына пенсиялык топтоолорун бир жолу, жеке турак жайдын жоктугуна байланыштуу ипотекалык насыя боюнча баштапкы төлөмдү каржылоого же ипотекалык насыянын бөлүгүн/толугу менен төлөөгө пайдаланса болот, эгерде ар биринин пенсиялык топтоолорунун суммасы кайрылган учурда өзүнчө беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес болсо.

Маанилүү: пенсиялык топтоолорду алууга арыз берген учурда жарандардын, ошондой эле алардын жубайларынын, сатып алуучу же сатып алынган турак жай жалгыз болгондо, пенсиялык топтоолорун ипотекалык насыянын баштапкы төгүмүн каржылоого же учурдагы ипотекалык насыянын бөлүгүн/толугу менен төлөөгө пайдалана алышат.

Пенсиялык топтоолорду кантип алууга болот?

Ипотекалык кредит алып жаткан же алган жарандар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органына төмөнкү документтерди тапшырышат:

  • Арыз ээсинин инсандыгын ырастаган документ;
  • Жарандын жана жубайынын наамына- Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлк объекттерине менчик укуктарына ээ болбогондугу жана ээ болгондугу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдан (Кадастр) маалымкат;
  • Никеси тууралуу күбөлүк.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органы, алынган документтердин негизинде, пенсиялык топтоолордун (пенсиянын топтоо бөлүгү) суммаларынын эсебинен көчүрмөсүн даярдайт.

Андан соң, ипотекалык кредит алып жаткан же алган жарандар, ошондой эле жубайлары Пенсиялык топтоолордун (пенсиянын топтоо бөлүгү) суммаларынын эсебинен көчүрмөсү менен банкка кайрылышат. Банк, өз кезегинде, ипотекалык кредит берилишин жактыруу же бар болгон ипотекасын ырастоо боюнча маалым кат даярдайт.

Жаран жогоруда белгиленген документтердин баарын Социалдык фондунун региондук органына тапшырат.

Пенсиялык топтоолорду пайдалануу мүмкүн болгон шарттар:

  • ипотекалык кредит алган учурга чейин Кыргыз Республикасынын бардык аймагында, ошондой эле жубайында дачалар, коттедждер, коммерциялык имараттар жана башка бизнес объекттери жок болсо, жана ипотекалык кредит алгандан кийин жалгыз турак жай;
  • ипотекалык кредиттин максаты, ошондой эле жубайынын ипотекалык кредитин кайра каржылоо болсо, насыяга сатып алынган кыймылсыз мүлк жаранга же жубайына катталган болуу керек. Ошол эле учурда, кайра каржылоо биринчи ипотекалык насыя келишиминде көрсөтүлгөн турак жайга гана жүргүзүлүшү керек;
  • эгерде ипотекалык кредит алган учурда камсыздандырылган адамдын же анын жубайынын жер участогу болсо жана ошол жер участогунда турак жай куруу же даяр турак жай сатып алуу үчүн ипотекалык кредит берилсее;
  • эгерде камсыздандырылган адам үлүштүк курулуштун катышуучусу болсо.  

 

 

 

Бөлүшүү:

сайт Sunrise студиясынан иштелип чыккан