Мамлекеттик турак жай программасы боюнча ведомстволор аралык комиссия 3783 катышуучудан түшкөн кайрылуу боюнча тизмени карап чыкты

06 Июля 2016

2016-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын вице премьер–министри Гульмира Кудайбердиеванын жетекчилиги астында Мамлекеттик турак жай программасы боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын алкагында ипотекалык насыя берүүнүн кезектеги этабында Ведомстволор аралык комиссия бюджеттик мекеме-уюмдарда иштеген 3783 катышуучудан түшкөн кайрылуу боюнча тизмени карап чыкты.

Булардын ичинен документтери талапка туура келгендери “Мамлекеттик Ипотекалык  Компания” ААКнун өнөктөш банктарына сунушталат жана бул тизме Мамлекеттик Ипотекалык  Компаниянын өзүнүн расмий сайтына жайгаштырылган, дареги: www.gik.kg.  Өнөктөш банктар  тарабынан оң чечим кабыл алынган учурда катышуучу алгачкы төлөмдү кошуп, насыя алат. 

Отурумдун жүрүшүндө “Мамлекеттик Ипотекалык  Компания” ачык акционердик коомунун Башкармасынын төрагасы Бактыбек Шамкеев “МИК” ААКнун иш-аракети тууралуу кеңири маалымат берди, атап айтканда, узак мөөнөттүү  насыялоо механизмин колдонуу аркылуу  Кыргызстандын калкын турак жай менен камсыз кылуу маселеси ирети менен чечилип жатат, 7 коммерциялык банк менен өзара иш алып баруу жолго коюлган жана калган банктарды кызматташууга тартуу иши жүргүзүлүп жатат,  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 3,4 млрд сом өлчөмүндө акча каражатын тартуу графиги  макулдашылган.

Мындан тышкары, “МИК” ААКнун алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын “Ипотекалык баалуу кагаздар рыногу тууралуу” мыйзамынын долбоорун (Кыргыз Республикасынын Президентинин кол коюсунда турат) жана Кыргыз Республикасынын “Күрөө тууралуу” мыйзамынын жаңы редакциясын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык отурумунда үчүнчү окулушун угуу күтүлүүдө) колдонууга киргизүү жана тиешелүү мыйзамдык актыларды иштеп чыгуу, өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгын Бактыбек  Шамкеев белгилеп кетти.  

Ведомстволор аралык комиссиянын өкүлдөрү тарабынан мурдагы отурумунда жактырылган Ипотекалык каржылоонун “Жеке турак жайды куруу” жаны механизми боюнча насыяларды берүүнү бардык тарабынан жөнгө салуучу документтер иштелип чыгып, коммерциялык банктардын жана райондук архитектура кызматкерлери менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Насыянын суммасы 3 000 000 сомго, мөөнөтү 15 жылга чейин. 18 ай ичиндеги курулуш мөөнөтүнө карата  пайыздык чен жылдык 14% түзөт. Курулуш иштери бүткөндөн кийин насыя  жылдык 12% дык чен менен эсептелет. Алгачы төлөм  курулуштун сметасынан 20%дан жогору.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасы боюнча берилген насыялардын 2016-жылдын 6-июлуна карата жалпы суммасы 91 808 719 сом.

// // //