Маалыматтык билдирүү

22 Июня 2016

   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  “Арзан турак жай 2015 2020” программасын жүзөгө ашыруунун чегинде  ипотекалык насыялоо ишинин сапатын арттыруу максатында, 2016-жылдын 1-15 июнь күндөрү “Мамлекеттик Ипотекалык Компания”ААКнун жетекчилиги жана кызматкерлери республиканын бардык аймактарында жумушчу иш-сапарларында болушту.

   Иш-сапарлардын жүрүшүндө “Мамлекеттик Ипотекалык Компания”ААКнун жетекчилиги жана кызматкерлери жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, бюджеттик уюмдардын Программага катыша турган жарандардын тизмелерин ырастоого жана аларды тандоого жооптуу кызматкерлери, Программанын биринчи жана экинчи тизмесиндеги адамдар,  өнөктөш банктардын кызматкерлери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

   Бул иш-чаранын чегинде жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана бюджеттик уюмдардын Катышуучулардын тизмелерин ырастоого жана аларды тандоого жооптуу кызматкерлери менен биргеликте, негизинен, катышуучулардын тизмесин сапаттуу ырастоого тиешелүү маселелер талкууга алынды.  “МИК” ААКнун “Жеке турак жайды куруу” – жаңы модели тууралуу банктын кызматкерлерине түшүнүк берилип, ведомстволор аралык комиссиянын аткара турган иштери жана милдеттери тууралуу айтылды. Ошондой эле “МИК” ААКнун шарттарына ылайык насыя алуу процесси тууралуу жергиликтүү телеканалдарда маалыматтар, областтык жана райондук гезиттердин кабарчыларынын суроолоруна кеңири жооптор берилди.

   Өз кезегинде катышуучулар көптөгөн ар кандай жана жекече карала турган, аларды чечүү үчүн аябай көп убакытты, ченемдик-укуктук негиздемелерди жана каржы ресурстарын талап кылган маселелерди белгилешти.  Катышуучулар ошондой эле, тиезмелерди ырастап-түзүүдө ипотекалык насыя берүүнү арбытууга терс таасир этип жаткан кыйынчылыктар болуп жатканына да токтолушуп, аларды ырастап-тузүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жагын кайра карап көрүүнү сунушташты.

   Бул жумушчу жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча, аныкталган көйгөйлөрдү жана коюлган сунуштарды эске алуу менен “МИК” ААКнун жетекчилиги тарабынан, ипотекалык насыялоо процессин мыкты денгээлде жүргүзүү жана “Арзан турак жай 2015-2020” программасын ийгиликтүү жүзөгө ашыруу максатында,   ички ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү, атап айтканда,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобого (мындан ары – Убактылуу жобо) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жагында, “Жеке турак жайды куруу” моделинин шарттары,  жашай турган турак үйлөрдү куруу жана жол-жоболорго тиешелүү башка маселелер боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

   Учурда “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК тарабынан “Коммерциялык банктар аркылуу кайра каржылоо” механизми” ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жатат. 2016-жылдын 22-июнуна карата берилген насыялардын жалпы суммасы  62 582 550.00 сом.

 “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын чегинде ипотекалык насыялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары “МИК” ААКнун коомдук кабылдамасына кайрылууга болот, дареги Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106,  кызуу байланыш телефону (0312) 62-14-34.  Түштүк аймагы боюнча дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү, 318, кабинет номери 214, тел.: (03222) 2-11-16.

// // //