Кузнецова Елена Геннадьевна "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучусу, ал Бишкек шаарындагы жалпы билим берүүчү № 44 мектебинде эмгектенет.

05 Сентября 2019

Кузнецова Елена Геннадьевна   "Арзан турак жай 2015-2020"     программасынын катышуучусу,  ал   Бишкек шаарындагы жалпы билим берүүчү  № 44  мектебинде  эмгектенет.

         

Кузнецова Елена: Мен өзүмдүн жумушумду абдан жакшы көрөм, биздин мектеп  азыркы актуалдуу  суроо-талаптарга   ынгайлуу, анткени мектепте психологдун кабинети иштейт.  Психолог күн сайын ар кыл курактагы балдар менен психологиялык иш жүргүзөт, алдын алуу боюнча түзөтүү иштерин жасайт, анткени мектепке көнүү, жүрүм-туруму жана окуусунда проблемалары бар балдар да бизде  окуйт.

 Мектепте тарбия иштери төмөндөгү багыттар боюнча жүргүзүлөт::

1.         руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо;

2.         экологиялык тарбиялоо;

3.         жарандык-мекенчилдик тарбия берүү;

4.         интелектуалдык өнүгүү;

5.         спорттук — ден соолукту чыңдоо жагынан тарбиялоо;

6.         кесиптик багыт;

7.         мектепте жана класста өз алдынча башкаруу;

8.         уюштуруу иштери;

9.         социалдык  жана  класстык иштерин активдүү жасоо.

Мындан сырткары мектепте Мектеп парламенти иштейт жана "Жаш достор"балдар-өспүрүмдөр уюму иштеп жатат.

Жеке менчик мектептерде иштегенге көп сандаган сунуштарга карабастан, мен өз мектебинде гана иштеп калгам, себеби Кыргыз Өкмөтүнүн "Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" программасы мага  ипотекалык насыяны  узак мөөнөткө төлөп берүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берди.