"Программанын катышуучулары" рубрикасында тиш дарыгер Нурлан Орозалиев.

27 Августа 2019

Орозалиев Нурлан Ысманалиевич, 5-июль 1988-жылы Ош шаарында туулган. 2015-жылы Ош мамлекеттик университетин аяктаган, анын натыйжасында ага "Стоматология"адистиги боюнча магистр наамы ыйгарылган.  Жалал-Абад шаарынын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун тиш дарыгери болуп иштейт, жана  "Тиш дарыгерлеринин  клубунун" мүчөсү.

               

Орозалиев Нурлан:  "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасы Кыргыз Республикасындагы маанилүү программалардын бири болуп саналат.  Өзунуз ойлоп көрсөнүз 7 жыл  медициналык жогорку окуу жайларынын студенттери окушат,  андан кийин үй бүлөсүн татыктуу жашоо камсыз кылуу учун жеке поликлиникаларга иштеп жатышат, эсептелүү гана  бүтүрүүчүлөр мамлекеттик клиникаларда иштейт, ушул  жерде  бюджеттик мекемелерде иштегендерге  "Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" программасы  мотивация болуп  жатат.   "Жеткиликтүү турак жай-2015-2020" программасы саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрүнө ипотекалык насыяны төмөн пайыз менен алууга мүмкүнчүлүк берет, андай шартты бир да  коммерциялык банк аткаралбай жатат.