Давран Хабиров Чүй облустук олимпиялык резервдеги адистештирилген мектебинде, тренер жана окутуучусу катары иштейт, ал «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" Программасынын катышуучусу.

23 Августа 2019

Давран  Хабиров  Чүй облустук олимпиялык резервдеги адистештирилген мектебинде, тренер  жана  окутуучусу  катары иштейт,  ал «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" Программасынын катышуучусу.  Кант шаарынын  № 3 мектебин аяктаган, андан кийин  Кыргыз  мамлекеттик  дене  тарбия  жана спорт академиясын аяктаган. Бокс менен 10 жаштан баштап машыгат.

Давран Хабиров:  "Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" программасы мага комфортуу  турак-жайдын  ээси  болууга  жардам  берди, мен 2 кызды  тарбиялап жатам , аларга  эс ала турган жана сабак даярдай турган  өзгөчө бөлмө керек, ошондуктан мен үчүн бул мамлекеттик долбоордун иштеши  өтө маанилүү  болуп саналат. Мен 18 жашында Кыргызстандын чемпиону болдум жана "спорт чебери"наамына ээ болдум. Спорттун жардамы менен бир катар чет өлкөлөргө барып, 3 жылдан бери мектеп окуучуларын машыктырам.  "Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" программасынын негизинде  мен өз кесибимди алмаштырбай ипотекалык  насыяны  төлөөгө мүмкүнчүлүгүм бар.  Келечекте Олимпиада оюндарынын чемпиондорун өстүрүүнү кыялданам".