" Программанын катышуучулары" рубрикасында тарбиялоочу Медерова Аида Калыбековна.

09 Августа 2019

                    “Программанын  катышуучулары” рубрикасында тарбиялоочу  Медерова  Аида  Калыбековна.  

Медерова  Аида  Калыбековна  Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы №184 мектепке чейинки билим берүү уюмунда эмгектенет, ал “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020 ” программасынын катышуучусу. Ушул Мамлекеттик долбоордун алкагында ал турак жай сатып алды. 

           

 Медерова  Аида  Калыбековна: “Мен өз кесибимди абдан жакшы көрөм , биздин  № 184 “Бүчүр” МЧББУ эмеректердин толук комплекти жана окуу жабдыктары менен жабдылган ошондой эле усулдук,медициналык кабинеттер бар. Тарбиялоочу жана билим берүүчү милдеттерин аткаруу үчүн МЧББУда музыка залы,спорт аянтчасы бар. Биздин уюмга балдардын келүүсү абдан жогору,анткени тарбия жана окутуу иштери кыргыз тилинде жүргүзүлөт.Мындан тышкары бул жакшы материалдык техникалык база жана салттуу жана салттуу эмес ден-соолукту чыңдоочу жана билим берүүчү  программалардын топтому менен түшүндүрүлөт.   Тарбиялануучулардын контингенти көп улуттуу. Биздин  № 184 “Бүчүр” МЧББУ-да  ден-соолукту чыңдоо иштери да жургүзүлүүдө.  МЧББУнун максаты-ооруну азайтуу жана алдын алуу максатында чыңдоочу иш-чаралар жүргүзүлөт: фитотерапия, үчүнчү тамакты С витамини менен байытуу,эртен мененки дем алуу көнүгүүлөрү.

 Дене тарбия сабактары тамандын жалпайып кетүүсүн(май тамандыкты) жана сырткы келбеттин бузулууларын(сколиоз) алдын-алуу үчүн коррекциялоочу конүгүүлөрдү өзүнө камтыйт.   Тарбиялоочунун  кесиби  мен учун  абдан маанилүү, мен өз кесибимди алмаштыргым келбейт, ошондуктан “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасына   биздин үй-бүлө терең  ыраазычылык билдирет, себеби мен өз кесибимди алмаштырбай жатып ипотека төлөгөнү мүмкунчүлүгум бар”.