"Биздин займчылар" рубрикасында мугалим Мамырова Гульшан Маматовна.

23 Июля 2019

                            "Биздин займчылар"  рубрикасында   мугалим  Мамырова  Гульшан  Маматовна.

Мамырова   Гульшан  Маматовна Бишкек шаарынын  №21 мектебинде 1999  жылдан баштап эмгектенип  жатат.   Мектеп 754 орундукка ылайыкташтырылган. Азыркы учурда 1200дон ашык окуучу окуп келет. Мектепте жалпы 62 мугалим эмгектенет, алардын ичинде “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасынын катышуучусу бул биздин займчыбыз Мамырова Гульшан.

             

     

  Мамырова   Гульшан  Маматовна : “Мен өз кесибимди абдан жакшы көрөм, ошондуктан 20 жылдан бери  ушул мектепте иштейм. Мектептин миссиясынын жана программасынын негизги идеясы бул окуу-тарбия процессинде заманбап технологияларды пайдалануу аркылуу окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана компетенттүүлүккө тарбиялоо. Ар бир жаран коомдо өзүн-өзү алып жүрүүгө, жашоодо өз ордун таба билүүгө, ар тараптан таланттарын  өркүндөтүүгө укуктуу. “Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” программасы абдан биздин өлкөбуз үчүн маанилүү, ошондуктан мүмкүнчүлүк  болушунча бул программанын масштабын кеңейтүү жана аны сөзсүз улантуу зарыл. Ушул программанын алкагында биз жолдошум экөөбүз 3–бөлмөлүү  батирге ээ болдук, азыр биз өз уйүбуздө жашап, өз үйүбүзгө  салым  жасап  жатабыз.”