«Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК-у батирлерди ижара менен сатып алуу механизмы аркылуу тизмелерди түзүү башталышы тууралуу кабарлайт.

04 Июля 2019

«Мамлекеттик  Ипотекалык Компания» ААК-у Бишкек шаарынын, Тунгуч кичи районундагы “ 135 батирлүү 9 кабаттуу  турак жайды”  эксплуатацияга  берүү  жөнүндө жарыялайт.

Бир  бөлмөлүү  батирлер  бюджеттин  мекемелердин гана өкүлдөрүнө  ижара  менен сатып алуу механизмы менен берилет. (баштапкы төлөмү жок).

Программага катышуу учун талаптар:

  • Курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык насыянын  акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары Программанын катышуучусу болушат.
  • Жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес же соңку иштеген жеринде иш стажы бир жылдан кем эмес болгондо.
  • Программага катышуучуда, катышуучунун куйөсүндө(аялында) жана катышуучунун жашы жете  элек балдарында катышууга арыз берген кунгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу
  • Катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү.


Арыз берүү үчүн  Бишкек шаарынын  райондук администрацияларына кайрылыңыздар.