Урматтуу окурмандар!

07 Июня 2016

     “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020”  программасынын катышуучуларына жана жалпы эле бул сайтты пайдалануучуларга ыңгайлуулук үчүн компаниянын расмий сайтынын жаңыланган түрүн иштеп чыкты. МИКтин шарты боюнча ипотекалык насыянын берилиши тууралуу маалыматка кызыккандар көп экени да тастыкталууда, анткени сайттын мурдагы вариантын ачып карагандардын саны  үч айдын ичинде эле 64 миңден ашкан.
     Бугүн, 2016-жылдын 7-июнунда, сайтыбыздын жаныланган түрү сиздердин назарыңыздарда!  
Бул сиздер үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020”  программасына катышуу боюнча Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын иш-аракети тууралуу сиздерди кызыктырган  суроолорго тиешелүү  жоопторду алууда маалымат майданына айланат, – деп  үмүттөнөбүз.

// // //