Кымбаттуу Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери, фронттун катышуучулары жана оорук эмгекчилери.

09 Мая 2019

 

 

Кымбаттуу Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери, фронттун катышуучулары жана оорук эмгекчилери.

9 -Май — Улуу Жеңиш күнү эң маанилүү майрамдарыбыздын бири. Кыргызстандыктар үчүн – бул ыйык майрам. Бүгункү Улуу Жеңиш күнү — согуштун ардагерлерине терең таазим этип, алардын баа жеткис эрдигин эскерүүчү күн. 

Урматтуу ардагерлер! Сиздердин турмуштук бай тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар бизге бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө дем берет жана сиздердин басып өткөн даңктуу жолуңуздар кийинки муундар үчүн сабак жана үлгү болуп келүүдө. Улуу Жеңиш күнүндө Сиздердин эрдигиңиздерге дагы бир ирет таазим кылабыз! 

Кадырлуу Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары, Сиздерди Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан атынан, Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктайбыз.

Сиздерге чың ден соолук, бейпил турмуш, бакубатчылык жана узак өмүр каалайбыз.

«МИК» ААК эмгек жамааты