ММК биз жөнүндө: Өкмөт арзан ипотекага жол ачат.

13 Марта 2019

 

Өкмөт арзан ипотекага жол ачат

12-март, 2019 ж.

Али Токтакунов

Өкмөт үстөгү 8-9% пайыз, төлөө мөөнөтү 15 жылга чейинки ипотека берүүчү компания түзгөнү жатат. Аны Кыргызстандын бардык жарандары алат.

Жакынкы жылдары күтүлүп жаткан мындай насыя тууралуу «Элдик экономика» түрмөгүнө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын мониторинг бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Даакыбаев чечмелейт:

- Турак жай-сактык насыя компаниясын ачалы деген оюбуз бар. Ал боюнча эки жылдан бери Германия өнүктүрүү банкы менен иштеп келатабыз. Ал жакта турак жай курулуш кооперативи бар экен, 150 жылдан бери иштейт экен.

Элдин турак жайга муктаждыгы көбүнчө ушул аркылуу чечилиптир. Бүгүнкү күндө ал системада насыялардын пайыздык чендери 1,5-2% болуп калыптыр. «Беш жыл мурда 4-5% болуп жаткан» дешти. Төмөндөгөнүнүн себеби - элдин муктаждыгы дээрлик жок болуп калыптыр.

Ошол системаны бизде да түзүш керек. Ал үчүн Экономика министрлиги мыйзамдарга өзгөртүү киргизип жатат. Бизде мындай ишке ашат: системага киргендер адегенде депозиттик эсеп ачышы зарыл. Үч-беш жыл ичинде ал эсепке үйдүн 30% баасына тете акчаны салышы керек. Ошондон кийин калган 70% сумманы система насыя катары берет.

«Азаттык»: - Ошондо маселен мен ипотека алыш үчүн сиз айткан системага кирип, акчамды төлөгөнчө күтүшүм керекпи?

Даакыбаев: - Ооба, Турак жай сактык насыя компаниясына мүчө болушуңуз керек. Үч жылдын ичинде силер 30% чогултушуңар керек.

«Азаттык»: - Мен мисалы үч жылга чейин эле берип койсом ипотека дароо берилеби?

Даакыбаев: - Жок дегенде ошол акчаны бир жыл топтош керек. Бир айда барып төгүп салсаңар деле болот, бирок бир жыл күтүүгө туура келет. Анткени ал система калган 70% сумманы башка элден чогултуп анан сизге берип атпайбы. Ошон үчүн мөөнөт керек. Негизи стандарттык убакыт үч-беш жыл. Мисалы беш жыл чогултсаңар, насыянын төлөө мөөнөтү 15 жылга чейин болот.

«Азаттык»: - Демейде чет өлкөлөрдө иштеген мигранттардын топтоп койгон акчасы болот. Бирок ал дароо үй алганга жетпейт. Коммерциялык банктардан ипотека алайын десе үстөгү көп. Ошону ойлоп сурап жатканым. Баса, мигранттар бул насыяны ала алышабы?

Даакыбаев: - Ала алышат. Кыргызстандын бардык жарандары алса болот. Үйү бар-жогуна карабайт. Кээ бирөөлөр балдарына же неберелерине алып берем деген ой менен келиши мүмкүн. Системада эң башкысы - акча топтош керек.

«Азаттык»: - Сиздер ошондо элден, мисалы менден жана башкадан топтолгон сумманын эсебинен башкага, башкалардын эсебинен мага насыя берет турбайсыздарбы?

Даакыбаев: - Ооба. Биринчи келгендер акыркы келгендердин акчасынан насыя алат. Ал эми насыя алгандар төлөй берет да, ал акчадан кийин келгендерге насыя бериле берет. Ортодо каражат тынымсыз айлана берет.

«Азаттык»: - 8-9% менен алганга умтулгандар көп болушу ыктымал, акча жетпей калбайбы? Маселен, бирөө депозитке үч жылга салса, ошончо убакыттан кийин «дагы күтүңүз, акча чогулбай атат» деп коюшпайбы?

​Даакыбаев: - Жок, бул жакта кепилдик болот. Депозиттик эсеп ачканда түзүлгөн келишимде кепилдик берилет. Маселен, бирөө үч жылдын ичинде 30% топтоп бүткөндөн кийин дароо бир ай ичинде калган 70% сумманы 10 жылга чейин насыя катары беребиз.

«Азаттык»: - Эми кепилдик дагы акча болсо анан ишке ашат да. Мисалы, болбой калса дейли, сиздерде кокустуктардын алдын алуучу план барбы? Өкмөттөн акча бөлүнө калабы ошондой учурда, же кандай?

Даакыбаев: - Бул жерде камсыздандыруу сөзсүз болот. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ушул компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп чыгат.

Жанагы салынып аткан 30% депозиттин өзү да камсыздандырылат. Мисалы, биз тараптан кепилдик бузулса анда силерге салган акчаңар да кайтарылат, биз айыппул да төлөп беребиз.

«Азаттык»: - Ооба, анткени кардар үч жыл күтүп, депозит салып, насыя алалбай, үйгө ээ боло албай калса арасат калып жатпайбы. Бул бир жагы. Экинчиден, сиздер бюджеттик кызматкерлерге жеңилдетилген шартта ипотека берип келесиздер. Буга чейинки «Азаттыктагы» маектериңизде «өкмөттөн ошол ипотекага деп чектелүү гана акча бөлүнүп, насыя берүү улам токтоп жатат» деген элеңиз. Бул жаңы система да ошонун кейпин кийбейби?

Даакыбаев: - Менин оюмча эл алат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 200 миң киши турак жайга муктаж экен. Андан тышкары үйү барлар деле алып койсо болот. Ошон үчүн система иштеп кетет деп ойлоп атабыз.

«Азаттык»: - Бул ипотеканы кайдан алууга болот?

Даакыбаев: - Турак жай сактык насыя компаниясын өзүнчө ачалы деп атабыз. Ошол өзү берет. Анын түзүүчүлөрү биз жана Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы болобуз.

«Азаттык»: ​- Президент 2018-жылдан тарта 6% менен ипотека бериле башташы керек деп жаткан эле. Кандай негизде кайра 8-9% болуп кетти?

Даакыбаев: - 8-9% менен Турак жай сактык насыя компаниясы берет деп болжолдонуп жатат. Ал өзүнчө система. Биздин Мамлекеттик ипотекалык компания өзүнчө. Президент айтып кеткен 6% боюнча банктар менен сүйлөшүп атабыз. Балким жайга чейин өтүп калат. Өкмөт маржаны 1% түшүрсө, биз да 1% түшүрсөк, анан банктар да түшүрсө 6% жеткенге мүмкүнчүлүк бар.

«Азаттык»: Кыскача айтканда болуп калса 6% насыяны бюджеттик кызматкерлер, ал эми 8-9% насыяны башка жарандар ала алат турбайбы?

Даакыбаев: - Эң туура.

«Азаттык»: - Сиздер система 2019-жылдын аягына чейин ишке кирет деп жатасыздар. Ошондо биринчи насыя качан бериле баштайт?

Даакыбаев: - Жаңы система боюнча компания түзүү тууралуу чечим быйыл өкмөттөн өтүп, бекитилет деп ойлоп атабыз. Ал түзүлүп, ишин быйыл баштаса деле акча депозиттерди топтоо мөөнөтү кеминде бир жыл эмеспи. Ошон үчүн кеминде дагы бир жыл өтөт.

«Азаттык»: - Бизде үй алсак деген жарандарыбыз чет өлкөлөрдө, көбү Орусияда. Алар сиз айткан системага кирип, депозиттик эсеп ачыш үчүн Кыргызстанга келүүгө туура келеби? Же чет өлкөдө, айталы Москвада өкүлчүлүк ачасыздарбы?

Даакыбаев: - Азыр биз Орусиянын бир нече банктары менен сүйлөшүп жатабыз. Балким биздин жарандар менен ошол банктар аркылуу кызматташа баштайбыз. Сбербанк, ВТБ 24 деген чоң банктар бар, ошолор менен сүйлөшүп, кеңешип атабыз. Маселе чечилип калса мигранттарыбыз Кыргызстанга келбей деле кошулса болот.

«Азаттык»: - Ал жактагылар сиздер менен ипотекалык насыя үчүн келишим түзгөндө эле жолугушат да. Калган учурда депозитке акчаны банктан салып коюп жүрө берсе болот эмеспи?

Сбербанк, ВТБ 24 деген чоң банктар бар, ошолор менен сүйлөшүп, кеңешип атабыз. Маселе чечилип калса мигранттарыбыз Кыргызстанга келбей деле кошулса болот.

​Даакыбаев: - Туура. Ошон үчүн орус банктары менен өнөктөш болсок деп атабыз.

«Азаттык»: - Алмаз мырза, 200 миң кыргызстандык үйгө муктаж дедиңиз. Ушул система иштеп кетсе натыйжасы кандай болушу ыктымал?

Даакыбаев: - Биринчи жылы эле 50 миң киши келет деп болжолдогон каржылык моделибиз бар. Анан жыл сайын көбөйө берет.

«Азаттык»: - Анан аларга насыя берерде кол ийрисине тартып, кимдир бирөө эрте же кеч алып калышы мүмкүнбү?

Даакыбаев: - Кезек бар да. Депозитти качан ачса кезек ошондон башталат.

«Азаттык»: - «Үйдү бул же тигил курулуш компаниясынан алгыла» деген лобби болбойбу? Насыя алган кишиде үй тандоо эркиндиги барбы?

Даакыбаев: - Сөзсүз. Насыя алган киши каалаган жеринен тандайт. Жер үйдөнбү же кабат үйдөнбү, чектөө жок.

«Азаттык»: - Канча суммага чейин бере аласыздар?

Даакыбаев: - Мисалы 3 млн. сом алам десе, 1 млн сомго жакынын өзү топтошу керек.

«Азаттык»: - Эң көп канча суммага чейин берилет? Маселен 50 млн. сом бере албайсыңар да?

Даакыбаев: - Жок, 50 млн. сом ала албайт. Орто эсепте 3 млн. болуп атат.

«Азаттык»: - Маегиңизге чоң рахмат!

http://ttps://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-credit_mortgage/29815393.html?fbclid=IwAR3DXl3-o8PRneVcwjnIE4vJP36cCyM35_StFn07BRFToeZoylaTUP2DBRM