Күндүн темасы: Үйлүү болгуңуз келеби?

18 Февраля 2019

 

Күндүн темасы

Үйлүү болгуңуз келеби?

Ар бир жарандын үстүмдө үйүм болсо деген тилеги күч. Бирок айлыктын аздыгы, экономикалык катаал шарттарды эске алганда көпчүлүктүн шарты үйлүү болууга туура келбейт. Мамлекеттик кызматкерлер үчүн Өкмөт иштеп чыккан  “Арзан турак-жай – 2015-2020”  программасынын негизинде Мамлекеттик ипотека аркылуу турак-жайга ээ болуу маселеси кыйла жеңилдеди. Ал үчүн төмөнкүдөй шарттарды аткаруу керек.

Үй алгысы келген жаранга коюлган талаптар:

 КРнын жараны болуусу керек;

Тигил же бул мамлекеттик кызматта 3 жылдан кем эмес иштеши керек;
Насыя алып аткан учурда жашы 21 жаштан жогору, ипотекалык насыянын акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейин болуусу керек. Мисалы, 15 жылга ипотека ала турган болсоңуз, насыя алып аткан учурда жашыңыз 50 жаштан ашпоого тийиш.
Акыркы үч жыл аралыгында турак-жай сатуу же сатып алуу боюнча келишими болбошу керек;

Өзүнүн, чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн наамында кыймылсыз мүлк, жер тилке катталбашы керек. Жогорудагы маалымат Мамлекеттик каттоо кызматынан текшерилет. Шаарда батирде жашап иштеп аткан болсо, бирок айылда үйү бар болсо анда ипотека ала албайт. 

Сатып ала турган турак-жайга коюлган  талаптар:
Көп кабаттуу үйдөн алына турган батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден, жер үй болсо жалпы аянты 150 чарчы метрден көп болбошу керек;
Ала турган адамдын иштеген жеринен 60 чакырымдан алыс болбоосу кажет;
Үйдүн суммасы 3 миллион сомдон ашпоосу керек.

Жогорудагы талаптарга жооп берсеңиз, анда Мамлекеттик Ипотекалык Компанияга (МИК) арыз менен кайрыласыз.

Кандай документтерди чогултуу керек?
- Паспорттун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- Акыркы бир жылдагы айлык акынын суммасы көрсөтүлгөн маалымдама;
- Нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- Балдарынын туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- Акыркы 3 жылдын ичинде турак-жай боюнча келишимдин жок экенин тастыктаган маалымдама. 

 

МИК өлкөбүздөгү 14 банк менен келишимдин негизинде иш жүргүзөт. Сизге турак-жай сатып алуу үчүн насыяны ошол банктардын бири берет. Өзүңүзгө керектүү үйдү тапкан соң банкка барасыз.

Банк талап кылган документтер: 
1. Сиз сатып ала турган кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорту;
3. Жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт (зарылчылыкка жараша);
5.Турак-жайдын учурдагы ээсинин (сатуучунун) паспортунун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы).                                       

Жогорудагы документтердин баары 15 күн аралыгында текшерүүдөн өткөндөн кийин сиз үй алуу үчүн МИКте кезекке тургузуласыз. Учурда үч миңден ашуун адам кезек күтүп турат. Беш же андан көп балдары бар бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан ата-энелерге биринчи кезекте ипотекалык кредит берилет.

Ипотекалык насыянын шарттары:

Валютасы – сом менен гана берилет

Мөөнөтү – 15 жылга чейин

Мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүгү бар.

 

Пайыздык чендер:

Алгачкы төлөм катары үйдүн жалпы суммасынын  10 % дан 20 %ына чейинки суммасын төлөгөн учурда – жылдык үстөк 9% болот.

 20 % дан 30 % га чейинки сумманы төлөгөн учурда – жылдык үстөк 8%ти түзөт.

30 % дан өйдө төлөгөн учурда – жылдык үстөк 7% болот.


Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын төрагасы Шамкеев Бактыбек: “Төрт миң  жаран үй менен камсыз болду”
- Бактыбек Абылкасымович, үй алгысы келген жаран дагы кандай талаптарды аткаруусу керек?
- Эгер буга чейин банктан насыя алган болсо, кечигип төлөп кара тизмеге кирип калса андай жарандар менен банктар иштешпейт. Кардар ишенимсиз деген категорияга кирип калат. Бизге кайрылгандардын көбү ушул жагынан аксап атат. Банктын кара тизмесине кирген жаран 5-10 жылдан кийин гана ал тизмеден чыгат экен. Мындан сырткары үйдү жарандын иштеп аткан жеринен гана беребиз. Мисалы, өзү Нарында иштеп, бирок Бишкектен үй алат элем деп кайрылгандар көп болууда. Нарында иштеген адам ушул эле программанын негизинде Нарындан гана турак-жай сатып ала алат. Дагы бир баса белгилеп кетчү жагдай, насыяга 3 миллион сом гана берилет. Аны да насыя алган адамдын, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн тапкан киреше-чыгашаларын эсептеп, анан берет. Эгерде андан кымбат бааланган үйдү алгысы келсе, калган сумманы баштапкы төлөм катары жаран өзү төлөшү керек болот.
- Айрымдар үй алып, батирге берип койгон учурлар кездешет экен?
- Үйдү берип коюп эле биз отуруп калган жокпуз. Атайын коммисия түзүлгөн, алар үйлөрдү кыдырып турат. Эгер үйдө башка бирөө жашап аткан болсо, алгач эскертүү берилет. Эскертүүгө моюн сунбаса, анда насыясы  “коммерциялык максатта алынган насыя” этабына которулат дагы, үстөк пайызы жогорулатылат.
- Үйдү 15 жылга насыяга алган адам кандайдыр бир себептер менен төлөй албай калса кандай болот?
- Аны банк өзгөчө кырдаал деп санап атайын комиссия түзүлөт. Мисалы, олуттуу себептер менен 1 ай төлөй албай калса күтөт. Кокус күйөөсү ооруп иштей албай калса насыяны төлөө милдети аялына, атасына же апасына, 21 жашка чыккан уул-кызына өткөрүлүп берилет. Эгер андай да адам жок болсо анда банк үйдү сатат, үйдүн документи күрөө катары банкта болот да. Өзүнө тийиштүү акчаны алып, кардардын ооруганга чейин төккөн акчасы кайтарылып берилет.
- Коммерциялык ипотека менен мамлекеттик ипотеканын айырмачылыгы эмнеде?
- Банктарда бүгүнкү күндө тилекке каршы ички валюталык узун мөөнөттөгү каражаттар жок. Андыктан эң көп дегенде менчик банктар 10 жылга гана насыя бере алат. Ошондой эле баштапкы суммасы 30%дан жогору талап кылынат. Ал эми пайыздык чендери 16-22%га чейин каралган. Анын ичинде ипотекалык насыяларды алууда  ар кандай комиссиялары дагы бар. Биз бүгүнкү күндө өлкөбүздө иштеп жаткан 25 банктын 14ү менен тиешелүү келишимдерге кол коюшуп, ошол банктар аркылуу ипотекалык насыяларды берип жатабыз. Бизде эч кандай пайыздык комиссиялар талап кылынбайт. Дагы бир айырмасы – биздин кызматтан мамлекеттик жумушта иштеген гана жарандар пайдалана алышат, а коммерциялык ипотека ага карабайт.

Даяр үйлөрдөн сырткары жер тилкеси барлар да үй куруу үчүн сиздер аркылуу насыя ала алышат экен?
Ооба.  Анын да өзүнчө шарттары бар. Айта кетсем, үй төрт этап менен 1,5 жылдын ичинде курулуп бүтүшү керек. Ар бир этап бүткөндөн кийин банктын кызматкерлери барып текшерип, кийинки этапка акча берилип турат.  100%  бүтүп, жашаганга даяр болгондон кийин үйдүн жалпы чыгымы эсептелет да насыя келишими түзүлүп, төлөө мөөнөтүн 15 жылга бекитет. Мисалы, үйдү 450 миң сомго салган болсоңуз банк 300 миң сомду 15 жылга бөлөт. Калган 150 миң сомду баштапкы төлөм катары төлөшүңүз керек.
Бул программа 2020-жылга чейин экен, андан кийин токтойбу?
Жок, буюрса токтобойт. 2020-жылы бүткөндөн кийин мындан да жакшы шарттар менен дагы башка программалар ишке кирет.

 

Анара Дүйшөналиева