«Финансы кызматтарынын жеткиликтүүлүгү» КР УБ аймактык форуму

17 Октября 2018

 «Финансы кызматтарынын жеткиликтүүлүгү» аймактык форум 

Ош шаарында 2018-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен Улуттук банк тарабынан уюштурулган «Финансы кызматтарынын жеткиликтүүлүгү» аймактык форум өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылы - Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялаган жарлыгынын алкагында уюштурулду.  

Форумду Улуттук банктын төрагасы Т.С. Абдыгулов ачып берди. Төрага өз сөзүндө аталган иш-чара үч областтын бийлик органдарынын катышуусунда финансы институттары менен жергиликтүү бизнес коомчулугунун ортосунда натыйжаларды бере турган пикир алмашуу үчүн уюштурулуп жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле, төрага аймактарда жашаган калкты жана ишкерлерди сапаттуу жана кымбат эмес жеткиликтүү финансы кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз кылуу жагында Улуттук банкөлкөнүн банк сектору менен биргеликте кабыл алынып жаткан чаралар жана иш-аракеттери тууралуу кыскача айтып берди. «Биздин алдыбызда финансы кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүү болушун камсыз кылуу милдети гана эмес, ошондой эле финансы кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу суроо-талабын да камсыз кылуу милдети турат. Башка сөз менен айтканда, калкты банктык инструменттери менен колдонууга үйрөтүү, элдин ишенимин арттыруу зарыл», - деп белгиледи Т.С. Абдыгулов.

Форумга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Баткен жана Жалал-Абад областтык администрацияларынын, Баткен, Жалал-Абад жана Ош шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү, Ош областынын райондорунун акимдери, Депозиттерди коргоо агенттигинин, Кыргызстан банктар бирикмесинин, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, «Гарантиялык фонд» ААКсынын, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын, өлкөнүн коммерциялык банктарынын жетекчилиги жана жергиликтүү бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

“МИК” ААКун Башкармалыгынын Төрагасы Б.А. Шамкеев сүйлөөсүндө “МИК” ААКун ишмердүүлүгүнүн кезектеги натыйжалары тууралуу айтып берди. Өлкөнүн Өкмөтүнүн аракети менен 2015-жылдын аягында Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлдү жана 3 жыл ишмердүүлүгүнүн ичинде компания динамикалык түрдө өнүгүп жаткан финансылык институт болууга жетишти. “МИК” ААКу тарабынан берилген ипотекалык насыялардын көлөмү өлкөнүн банктык системасынын ипотекалык насыялардын насыялык портфелинин үчтөн бир бөлүгү болгондугу маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. 3,5 миңден ашык үй-бүлө болгон “МИК” ААКун зайымчылары 210 миңден чарчы метрден ашык турак жайды сатып алышты, салыштыруу үчүн бул отуз көп батирлүү тогуз кабаттуу турак жай. Мындан сырткары, “МИК” ААКун мамлекеттик ипотека боюнча пайыздык чендери коммерциялык банктар үчүн өздөрүнүн ипотекалык насыяларынын пайыздык чендерин төмөндөтүүгө демилге берүүчү фактору болду.

Компаниянын ишмердүүлүгү ипотекалык насыялоонун механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен чектелбейт, ошондой эле эконом-класстагы турак жайдын курулушуна колдоо көрсөтөт, инвестициялоонун каржы инструменттерин ишке ашыруу – ипотекалык баалуу кагаздар жана республиканын ипотекалык насыялоо секторуна инвестиция тартуу боюнча эл аралык донорлор менен иш-чараларды жүргүзүүдө.

Бишкек жана Нарын шаарларында курулуп жаткан эконом-класстагы көп кабаттуу турак жайлардын курулушу акыркы таптарда. Курулуш иштери аяктагандан кийин жаңы батирлер “Ижаралык турак жай” жаңы механизми аркылуу кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен 15 жылга чейин узак мөөнөттүү ижарага берилет. Жаңы механизмдин артыкчылыктары – баштапкы төгүмдүн жоктугу, ижара келишими “МИК” ААКу жана туздөн түз ижарачы менен түзүлгөндүктөн, өнөктөш-банктардын маржасынын жоктугу.  

Ипотекалык баалуу кагаздар баалуу кагаздар рыногунда инвестициялоонун каржы инструменттеринин бири болуп саналат. Өнүккөн баалуу кагаздардын рыногу бар болгон өлкөлөрдө ипотекалык баалуу кагаздар өтүмдүүлүгү жана ишенимдүүлүгү жогору болуп киреше алууга кепилдигин бергендиктен каржы секторунун ири оюнчуларынын (мамлекеттик компаниялар, камсыздандыруу уюмдар, мамлекеттик пенсиялык фонддор) сурамына ээ. Ипотекалык баалуу кагаздарга инвестициялар “консервативдүү инвестициялоо түрүнө” таандык жана тобокелдиксиз болуп саналат, анткени кирешенин пайызын жана капиталды 100% сактоого кепилдик берет. Ипотекалык баалуу кагаздар өлкөнүн коммерциялык банктары үчүн жагымдуу инвестициялоонун каржы инструменти болуу мүмүкүндүгүн белгилейбиз.

2018-жылдын июль айында “МИК” ААКу эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарды. Баалуу кагаздардын чыгаруусунун көлөмү – 200 млн. сом, айлануу мөөнөтү 2 жыл, купондук чен жылдык 8,3 %. Эки айдын ичинде ипотекалык баалуу кагаздарды сатуу тууралуу биринчи келишимге кол коюлду, бул болсо бир гана “МИК” ААКу үчүн эмес ошондой эле өлкөнүн бүткүл каржы рыногу үчүн маанилүү көрүнүш.  Жылдык 8,3 % болгон купондук чен мамлекеттик баалуу кагаздардын ченине караганда 0,7 пайыздык пунктка өйдө болгондугун белгилейбиз.

“Банктык сектор жана мамлекеттик органдар тарабынан колдоосуз өлкөдө турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу мүмкүн эмес жана учурду колдонуп Мамлекттик пиотекалык компаниянын өнөктөш-банктарына ыраазычылыгымды билдиргим келет жалпы аракеттерибиздин натыйжасында банктык сектор жигердүү түрдө мамлекеттик ипотекалык насыялоо секторуна тартылууда, бүгүнкү күндө бизде 14 өнөктөш-банктар бар.” - сүйлөөсүнүн аягында Б.А. Шамкеев белгиледи.