"Биздин зайымчылар" рубрикасына Осмонов Медет Марифович, музыкалык кызматкер, Кыргыз Улуттук Консерваториясынын окутуучусу катышты.

02 Октября 2018

Бүгүн "Биздин зайымчылар" рубрикасына  Осмонов Медет Марифович, музыкалык кызматкер, Кыргыз  Улуттук  Консерваториясынын  окутуучусу катышты. Жаш  дирижер  Кыргызстанда өсуп,Улуттук Консерваториясын аяктап, андан ары  Москвадагы  Гнесин  атындагы  музыкалык  Академиясынын  дирижерлук  факультетинде окуусун уланткан. Азыркы  учурда  Кыргыз  Улуттук  опера жана балет  академиялык  театрын дирижеру, студенттик симфониялык оркестринин көркөм жетекчиси. Мындан сырткары , Медет Осмонов  чыгармачылык иштерди  “Ololo art studio” студиясында жүргүзүп, эл аралык долбоорлорго катышат.

Бир аз убакыт Москва шаарындагы  Бородин атындагы Симфониялык  оркестринде дирижер болуп  эмгектенген.

“Дирижер" деген сөз  француз тилинен жетекчилик кылуу, башкаруу деп которулат.

Медета Осмонов 3 баланын  атасы. "Арзан Турак жай 2015-2020"

Программасы жөнүндө   Массалык маалымат каражаттарынан билген, андан  кийин  тиешелүү инстанцияларга  документтерди чогултуп  “Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААК-на тапшырган.

“Биз  илгертен эле ипотекага үй алгыбыз келген, бирок коммерциялык банктардын шарттары бизге ылайыктуу болбогон үчүн, биз кредит алган эмеспиз, себеби жубайыбыз экөөбүз иштесек да, кирешебиз, балдарды да камсыз кылганы жана ай сайын акы төлөмүнө жеткен жок. “МИК” ААК-ун шарттары биз үчүн абдан ынгайлүү , себеби биз 15 жылдын ичинде ай сайын 16-17 миңден төлөйбүз,батирге да ушунча акча сарптайт элек. "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын алкагында биз уч бөлмөлуу үйлүү болдук , биздин балдар өз бөлмөсүндө сабак аткарышат, конок келсе да, биз  ар дайым тосууга даярбыз, анткени батирде жашап, кожойкенин макуулдугун алган мезгилдердер артта.Музыканттар– абдан кеңири жана эркин кыялданган адамдар,аларга жогорку киреше табыш үчүн  кесибин алмаштырыш өтө кыйың”.

Арзан турак жай 2015-2020"  программасы абдан көп адамдарга  өздүк турак жай алуу үчүн көп  мүмкүнчүлүк түзуп берди".