Мамлекеттик Ипотекалык Компания жаңы багыттар боюнча каржылоону баштайт.

28 Мая 2016

   ААК “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак-жай 2015-2020” Программасынын алкагында “Жеке турак жайды куруу” жана “Турак жайды кеңейтүү” моделдери боюнча ипотекалык насыя берүүнү сунуштоодо.

      Аталган багыттар боюнча долбоорду иштеп чыгуу өлкөнүн жарандарынын ипотекалык насыя алууга суроо-талаптары, колдо болгон жер тилкелерине  турак-жайларды куруу максатында, ошондой эле  кыймылсыз мүлктөрдүн аянтын сатып алуу жана сатуу аркылуу кеңейтүү зарылдыгы менен шартталган.

     Бүгүнкү “Жеке турак жайды куруу” жана “Жашап жаткан турак жайды кеңейтүү” моделдерин ишке ашырууга багытталган иш семинардын чегинде, Ахим Дюбель “Азыркы  колдонуудагы пайыздык чендердин негизинде турак жайды каржылоо жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу” темасында доклад окуду. Бул семинар Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын жана банк секторунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. А.  Дюбель Кыргызстандын жарандарын турак-жай менен камсыздоо абалын турукташтыру үчүн  Кыргызстанда ипотекалык каржылоонун бир катар моделдерин иштеп чыгуу жана жайылтуу зарылчылыгын белгиледи. Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын өкүлдөрү “Жеке турак жайды куруу”” жана “Жашап жаткан турак жайды кеңейтүү” моделдери боюнча ипотекалык каржылоону баштоого даяр экенин белгилешти.

// // //