Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков КР Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын аткарылышы менен таанышты.

27 Сентября 2018

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-сентябрда өлкөнүн финансы министри Адылбек Касымалиевди жана  “Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясынын” ААК-мун төрагасы Бактыбек  Шамкеевди кабыл алды.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча  2017-жылы ипотекалык насыялоону ишке ашыруу үчүн бюджеттен 1,3 миллиард сом, 2018-жылы 1,5 миллиард сом бөлүнгөн, анын ичинде 1 миллиард алынган,500 млн жакында күтүлүүдө.

 2019-жылы  бул сумманы 2 миллиард сомго жеткирүү болжолдонууда.

Мамлекет башчысына МИК- ын төрагасы  КР  Өкмөтүнүн  программасын ишке ашыруу жана  анын шарттарын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан  иштер тууралуу маалымат берди.

«Биринчи жылдык  8-10% менен суммасы 3,7 миллиард сом  3450 ипотекалык насыя  берилген. 2018-жылдын күзүнөн баштап МИК бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн ипотекалык кредиттердин пайыздык ченин 7 пайызга  чейин төмөндөтүүгө даяр», — деп билдирди компаниянын төрагасы.  Ошондой эле МИКы төрагасы кийин сатып алуу менен ижарага берүү механизми эконом-класстагы көп батирлүү үйлөрдүн курулушу тууралуу маалымат берди.

Азыркы учурда Нарын шаарында 5 кабаттуу 60 батирлүү эконом-класстагы турак  жай  жана  Бишкек шаарындагы  “Тунгуч“ кичи районунда 9 кабаттуу 135 батирлүү үй курулууда», — деп белгиледи Бактыбек Шамкеев.

Жолугушууда  Бактыбек  Шамкеев  биринчи жолу Кыргызстанда  "Ипотекалык баалуу кагаздар"  жаны каржы  инструменти  ишке  ашырылышын кабарлады.

         “МИК” ААК-у ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарып  фонддук биржага сатуу үчүн жайгаштырды. Ипотекалык баалуу кагаздар эркин акча каражаттарынын рыногунда пенсиялык фонд, коммерциялык банктар, камсыздандыруу компаниялар сыяктуу институционалдык инвесторлор аркылуу ипотекалык насыялоону каржы инструменти болуп саналат өнүктүрүү  болуп саналат.

Ошондуктан  өлкөнүң башчысы Сооронбай  Жээнбеков Социалдык фондуна  колдоо көрсөтүп мүмкүнчүлүктөрдү издөөсүн дайындады. Бактыбек  Шамкеев  Кыргызстан  Германиянын "Bausparkasse" моделин ишке ашыруу боюнча маалымат берди жана анын жөнгө салуу жана  лицензия  берүү боюнча Улуттук банктын функциясын айтып кетти.           

   Эконом-класстагы көп батирлүү турак жайларды куруу долбоорун ишке ашырууга токтолуп, Президент эконом-класстагы үйлөрдү аймактарда, тактап айтканда региондорду өнүктүрүү Концепциясында өнүгүү орундары катары белгиленген шаарларда   курууну жана МИКтин турак жайларынын чарчы метринин наркы калктын көпчүлүгү үчүн жеткиликтүү болушун  баса белгиледи.

 "Economist.kg финансалык сайтын анализдин негизинде, өлкөдо  “МИК” ААК сыяктуу кредиттик  жана каржы институттарын  жоктугу белгиленди ,  анткени эң  жагымдуу ипотекалык шарттарды "Мамлекеттик  Ипотекалык Компаниясы" ААК-му сунуштайт. Комерциялык банктар жогорку пайыздык чен жана кыска төлөө мөнөөту болгон үчүн  мамлекеттик сектордун кызматкерлери  учун ынгайлүү шарт тузө албайт, себеби алар маянасыдан акы төлөө менен бирге үй-бүлө мүчөлөрүнүн чыгымдарды камсыздайт.

Экономикалык суроо боюнча эксперт жана “Азаттык” сайтынын колумнисти Нургуль Акимова  “МИК” ААК-ун  элдин  шарттарында суроо-талап абдан жогору болгон учун , ал республикалык бюджеттен каржылоо колдоосу менен  зарыл жана   “МИК” ААК-ун институтун кеңейтүү керек,- деп билдирет. "МИК" ААК-ун  миссиясы ипотекалык насыялоонун темптерин гана көбөйүшү эмес, ал ошондой  эле өлкөдө ипотекалык насыялоону өнүктүрүү  максатында  жаңы инструментерин киргизүү боюнча  иштеш керек.