2-сентябрында Бишкек шаарында “Хайат” отелинде Кыргыз-түрк бизнес-форуму өткөрүлдү.

05 Сентября 2018

2018 -жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында “Хайат” отелинде Кыргыз-түрк  бизнес-форуму өткөрүлдү. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган бул тууралуу Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жүрүшүндө форумга катышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шарипович жана Туркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган форумду салтанаттуу түрүндө ачып келечекте узак мөөнөттүү жана натыйжалуу  кызматташууну белгилешти.

Бизнес-форумдун программасына ылайык иш-чаралар, презентациялар жана  панелдик талкуулоолор жүргүзүлдү.

"Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААКун Башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат айтып берди. Анын ичинде Кыргызстандын жарандарын турак жай менен муктаждыгын чечүү боюнча жаңы институт түзүлгөнү жана келечектеги инвестицияларды тартуу зарылдыгы боюнча маалымат берди.

2018-жылдын июлунда “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААКу  "Ипотекалык баалуу кагаздар" механизмин  пайдаланууга  киргизген, ал механизм  Кыргызстандыгы  ипотекалык рыноктун өнүктүрүүсүнө  көп мүмкүнчүлүктөрдү  түзүп берет.

Уч жылдын ичинде “МИК” ААК-му 3500- дөн  жогору үй-бүлөнү жеткиликтүү  турак-жай менен камсыз кылды, МИК тарабынан 177000 чарчы метр даяр турак-жай пайдаланууга берилди, 20 000 чарчы метрден жогору жеке турак жай эксплуатацияга киргизилди, жана 2018-жылдын аягында Нарын жана Бишкек  шаарларында 2 көп кабаттуу турак -жай  объектилери пайдаланууга киргизилет, алардын аянты 8415 чарчы метрди тузөт.