Бизнес-өнөктөш

11 Марта 2016

   ​  2016 жылдын 11-мартында «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК башкармалыгынын төрайымы Бактыгүл Жеенбаева «Банк Компаньон» ЖАК башкармалыгынын төрагасы Термечиков Уланбек Азисович жана «Кыргызстан коммерциялык банкы» ААК башкармалыгынын төрагасы Илебаев Нурдин Эмильевич менен Кызматташуу келишимине кол коюшту.

     Жарандарга ыңгайлуу шарт камсыздоо  үчүн Компаниянын өкүлдөрү атайын коммерциялык банктарды кызматташууга чакырды.

    Мындан ары «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» шартына ылайык, насыяларды республиканын төрт коммерциялык банктарынан алса болот: «Айыл банк» ААК, «РСК Банк» ААК, «Банк Компаньон» ЖАК, «Кыргызстан Коммерциялык Банкы» ААК.

   Биз жаңы өнөктөштөрүбүз менен биргеликте иш баштаганыбызга кубанычтабыз!

   Өз кезегинде «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААКу мындан ары да иштиктүү кызматташтыкты уланта бермекчибиз.

// // //