Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК эки банктын түштүк филиалдары аркылуу ипотекалык насыяларды берүү ишин баштады

25 Марта 2016

Бүгүн, 2016 жылдын 25-март күнү, “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак-жай 2015-2020” программасынын катышуучуларына турак жай алууга ипотекалык насыялары ААК “РСК” жана “Айыл Банк” ААК Жалал-Абад жана Ош облустарында жайгашкан филиалдары аркылуу берип баштады.

Ипотекалык насыяны алгачкы алуучулардын катарында билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарынын кызматкерлери болду. Кыргыз Республикасынын «Банктык купуя сыр» мыйзамына ылайык, кардарлар боюнча маалыматтарды берүүгө «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААКнун укугу жок. Катышуучулардын тизмеси компаниянын сайтында жайгаштырылган: kgz.gik.kg/?p=179

Азыркы учурда ипотека алууга мүмкүнчүлүгү бар жарандардын жалпы саны 185. Негизинен, алар республиканын бардык аймактарынан социалдык тармакта, атап айтканда, жалпы билим берүү мектептеринин, саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү жана  социалдык кызматкерлер.

Ведомстворлор аралык комиссия Баткен облусу боюнча тизмедеги 14 жарандын документерин карап чыкты. Алардын ичинде 9 мугалим, 4 медицина кызматкери, 1 социалдык кызматкер.

Жалал- Абад облусу боюнча 25 катышуучу. Алардын ичинде 11 билим берүү тармагынан, 10 медицина жана 4 социалдык кызматкерлер.

Ысык-Көл облусу боюнча 15 катышуучу кирген. Алардын ичинде 6 медицина, 9 билим берүү тармактарынан.

Нарын облусу боюнча 10 катышуучу катталган. Алардын ичинде 1 социалдык, 4 медицина кызматкерлер, ал эми 5 билим берүү тармагынан.

Талас облусунан 10 катышуучу. Алардын ичинде 5 мугалим жана 5 медицина тармагынын кызматкерлери.

Ведомстволор аралык комиссия Ош облусу боюнча тизмеге кирген 33 катышуучуну карап чыккан. Алардын ичинде 20 билим берүү, 13 медицина тармагынын кызматкерлери.

Чүй облусу боюнча 30 катышуучулар. Алардын ичинде 10 билим берүү, 10 медицина жана 10 социалдык тармагынын кызматкерлери.

Ведомстволор аралык комиссия Бишкек шаары боюнча 48 катышуучу боюнча тизмени карап чыккан. Алардын ичинде 24 билим берүү тармагынан, 20 медицина жана 4 социалдык кызматкерлер.

Мамлекеттик ипотелык насыяны алуу боюнча каттоого алуу улантылууда. Кызыккан жарандар жергиликтүү мамлекеттик администрацияга кайрылышса болот. Андан сырткары мамлекеттик кызматта эмгектенген кызматкерлер иштеген жерине арыз менен кайрыла алышат.

Азыркы учурда «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК менен «Банк Компаньон» ЖАК жана «Кыргызстан коммерциялык банкы» ААК ортосунда кызматташуу тууралуу Генералдык  келишимге кол коюлду.

 

// // //