Токмок шаарында биринчи мамлекеттик ипотекалык насыя берилди

30 Марта 2016

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасын ишке ашыруу алкагында, 2016-жылдын 30-мартында, Токмок шаарындагы «Айыл Банк» ААК филиалында мамлекеттик ипотекалык насыя берилди. Аны Токмок шаарынын аймактык ооруканасынын кызматкери М. Бакеев алды.

     «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын максаты, бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын  турак жайга болгон муктаждык маселесин чечүү; тиешелүү ипотека механизмдерин жайылтуу; өлкөнүн банк тутумунун жеткиликтүү ипотекалык насыялоо программасына кайра каржылоо принциптери боюнча тартуу.

     Инвестициялык каражаттар өнөктөш банктар аркылуу насыя алуучуларга 15 жылга чейинки мөөнөткө бериле баштады. Пайыздык чени  өздүк салымына жараша 12-14% чейин. Ипотекалык насыяны насыя алуу учурундагы курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык насыянын акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары ала алышат. Алынып жаткан турак жай курөө болуп саналып, ал сөзсүз камсыздандыруу каттоосунан өтүшү керек.

    Ипотекалык насыя алуучуга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасы боюнча төмөнкү талаптар коюлган: батирдин жалпы аянты 70 чарчы метрден, жер үйлөрдүкү 150 чарчы метрден ашпаган болуусу зарыл.

// // //