Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков,- “ Ипотекалык программаны улантууну, анын ишин толук кандуу каржылоону Өкмөт колго алуусу керек”

28 Июня 2018

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков улуттук долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу үчүн бардык бийлик бутактарын биргелешип иштөөгө чакырды.  Китай-Кыргызстан-Узбекистан, Тундук-Туштук жолдорду жана инфраструктуралык объектилерди курууну,  гидроэнергетика сферабыздын  мүмкүнчүлүгү  менен  пайдалануу жана ГЭСтердин нормалдуу иштеши үчүн  иш-аракеттерин жасоо.

Мамлекеттик  Ипотекалык программанын алкагында жеткиликтуу турак-жай менен камсыз кылуу- бул  эн негизги максаттардын бири деп  Кыргыз Республикасынын Президенти  өзгөчө белгилеп кетти:“ Ипотекалык программаны улантууну, анын ишин толук кандуу каржылоону Өкмөт колго алуусу керек”

КР ипотекалык насыялоонун механизмдерин толук кандуу ишке ашыруусун камсыздоо жана ошондой эле КР Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” Программасын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 499 токтомуна ылайык жалгыз акционери КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду болгон “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому түзүлгөн. 

Бүгүнкү күндө “МИК” ААКу 3 229 үй-бүлөнү турак жай менен  камсыз кылды. Ипотекалык насыялар мугалимдер, дарыгерлер, социалдык өнүктүрүү тармагынын кызматкерлери сыяктуу бюджеттик мекемелрде иштеген жарандарга берилүүдө.

Андан сырткары, “МИК” ААКун 2  турак жайынын  курулушу акыркы этапында:

 “135- батирлүү  9-кабатуу  турак жай Тунгуч  к-р , Бишкек шаары ”;

 “60-батирлүү 5-кабатуу турак жай,  Нарын шаары”.

Бул батирлер жогоруда аталган бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине кийин сатып алуу менен узак мөөнөттүү ижарага берилет.