Мамлекеттик Ипотекалык Компания ипотекага насыя берүү ишин улантууда

04 Апреля 2016

2016-жылдын 4-апрелинде Мамлекеттик Ипотекалык Компания өнөктөш банктар аркылуу Бишкек шаарында жана Өзгөн районунда ипотекалык насыялар берди.

     2016-жылдын 30-31-март күндөрү Токтогул районунун жана Токмок шаарынын билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарынын кызматкерлери насыя ала башташты.

    2016-жылдын 25-март күнү Ипотекалык насыялар Ош жана Жалал-Абад шаарларында берилди.

    «Айыл Банк» ААК жана «РСК Банк» ААК өнөктөш банктары Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын шарттарына ылайык тизмеге катталгандардын арыздарын кароону улантууда.

    Ошондой эле бүгүн «МИК» ААК башкы Кызматташуу тууралуу Генералдык келишимине ылайык, катышуучулардын тизмесин «Банк Компаньон» ЖАК жана «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК кароолоруна жөнөттү.

 

// // //