"МИК" ААК билдирүүсү

30 Мая 2018

«Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» Программасын ишке ашыруу боюнча жагдайы тууралуу билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» Программасын ишке ашыруу алкагында (мындан ары - Программа) 2018-жылдын 30-майына карата «МИК» ААКу 3,4 млрд. сомдон ашык суммага 3 113 үй-бүлөнү турак жай менен камсыздандырды.

Колдонуудагы тизмелерде ипотекалык насыя алган жарандардан башка өлкө боюнча 2 025 Программанын катышуучулары катталган, анын ичинен 614 жаран документтерди топтоо жана биздин өнөктөш-банктарга арыз берүү стадиясында. «МИК» ААКун Колл-центри ипотекалык насыя алуу учуруна чейин консультациялык жардамы менен бирге, күн сайын үзгүлтүксүз Программанын катышуучуларынын статустары боюнча мониторинг жүргүзүүдө.

«МИК» ААКун ипотекалык насыялоонун негизги каржылоо булагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимине ылайык бөлүнгөн 2,8 млрд сом көлөмүндөгү бюджеттик ссуда болуп саналат. Бүгүнкү күндө бюджеттик ссуданын каражаттары толугу менен өздөштүрүлгөндүктөн учурдагы ипотекалык насыялар «МИК» ААКун жүгүртмө каржы каражаттарынын эсебинен каржыланууда. Ал эми Программанын «жаңы» катышуучуларынын тизмелерин бекитилүүсү ликвиддүүлүктүн убактылуу кыска мөөнөттүү үзүлүшүнө байланыштуу токтотулууда.

Маалым болгондой, «МИК» ААКун ишмердүүлүгүнүн багыттарынын бири Кыргыз Республикасынын ипотекалык насыялоо секторуна узак мөөнөттүү каржы ресурстарын тартуу болуп саналат. Азыркы учурда болжол менен 200 млн. сом көлөмүндө өлкөнүн тарыхындагы биринчи ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча активдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, Программанын каржылоо булактарын көбөйтүү максатында 500 млн. сом көлөмүндө кошумча бюджеттик ссуда берүү тууралуу Өкмөттүн буйрук долбоору демилгеленди.

Мындан сырткары, KfW Немец өнүктүрүү банкынын 900 млн. сомдон ашык суммада Кыргыз Республикасынын аймактарында ипотекалык насыялоону өнүктүрүү боюнча долбоорунун ишке ашыруу процесси акыркы стадияда. Бүгүнкү күнү техникалык жардам көрсөтүү үчүн эл аралык консультанттарды тандоонун 1 этабы бүттү. Тандоонун 2 этабы аяктагандан кийин консультанттар KfW Немец өнүктүрүү банкынын макулдашуунун шарттарына жана талаптарына ылайык долбоорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү иш-чараларды жүргүзөт.

Ошентип, социалдык тармактарда жана айрым ММКда анык эмес маалыматтар пайда болгондуктан «МИК» ААКу Программаны ишке ашыруу тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет.

Программа Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында үзгүлтүксүз ишке ашырылууда, бүгүнкү күндө колдонуудагы тизмелерде катталган жарандар тейленүү жана каржыланууда. Жогоруда аталган иш-чаралар аяктагандан кийин «жаңы» тизмелердин бекитилүүсү кайта башталат.