“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК жана “Турак жай Курулуш Аманат Банкы” АК ортосундагы кызматташуу тууралуу Меморандум.

25 Мая 2018

2018-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде "Мамлекеттик  Ипотекалык  Компания" ААК жана Казакстан Республикасынын  "Турак жай Курулуш Аманат Банкы" АК (“ТКАБ” АК) (“Байтерек” холдингинин туунду мекемеси) ортосундагы кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлду. Бул келишим тажрыйба алмашуудан сырткары Кыргыз Республикасында ипотекалык рыноктун өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт жана турак жай курулуш аманат системасын өнүгүүсүнө салым кошот.

Меморандумга кол кою аземине катышкандар:

Шаршеев Айдин Омуралиевич – Кыргыз Республикасынын Экономика министрилигин статс-секретары;
Арстанбек уулу Акыл - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун өкүлү;
Абдраев Анвар Карикеевич – «Кыргызстан банктарыны бирикмеси” ЮЖБ президенти;
Джусупбаев Ислан Кувандыкович – Кыргыз Республикасынын Экономика Министрлигин  Ивестициялык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Тилекбеков Абсамат Тилекбекович – Кыргыз Республикасынын Экономика Министрлигин  Ивестициялык саясат бөлүмүнүн башкы адиси;
Мурзалиев  Равшанбек  Насирович – Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын Инспекциялоо бөлүмүнүн башкы инспектору;
Омурзаков Ислам Омурзакович – Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын Тышкы  көзөмөл отделдин инспектору;
Кубатбеков Аскар Бакытбекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы бөлүмүнүн инспектору;
Кыдыков Чынгыз Абдимуталипович – «Аалам строй» ЖЧК курулуш компаниясынын өкүлү;
Молдобаева Гульнара Аскарбековна –«Бишкеккурулуш» ААК курулуш компаниясынын өкүлү;
Абдрахманов Асейин Койлубаевич – «Азат» ТКК курулуш компаниясынын өкүлү;                                                                   
Сыдыков Мурадил Жанышбекович – «МС Билдинг» ЖЧК курулуш компаниясынын өкүлү.

Ишмердүүлүгүнө үч жыл болгон “МИК” ААКу үчүн «ТКАБ» АКун 15 жылдык тажрыйбасы абдан баалуу болуп саналат, анткени бүгүнкү күндө совет доорунан кийинки мейкиндикте европа өлкөлөлөрүнүн тажрыйбасын үйрөнүп жана аманатта каражаттарды топтоодон кийин төмөн пайыздык чендери менен – 3,5 дан 5 % чейин  турак жай шарттарын жакшыртууга насыя берүүгө каралган турак жай курулуш аманат системасын ишке ашырып баштаган жалгыз финансылык институт.

Мындан сырткары, «ТКАБ» АКу турак жайга каражат топтоодо аманатчыларга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлгөн Казакстан Республикасынын жалгыз банкы болуп өзгөчөлөнүп турат. Мамлекет жыл сайын казакстандыктардын аманаттарына 20 % көлөмүндө премия берет. Мамлекеттен бонус катары 200 ай сайын эсептик көрсөткүч же 481 000 тенге (97 000 сом) суммаларынан ашпаган аманаттар сыйланат. Жылдын аягында банктын кардарлары 96 200 тенгеге чейин премия алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошентип, банктын төлөгөн пайыздык чендери жана мамлекеттин премиясы менен «ТКАБ» АКун аманаттары аманатчыларга 13,3 % чейин кирешелүүктү камсыздайт.

Ушундай мамлекеттик колдоо жана турак жай камсыздоонун жеткиликтүү шарттары казакстандыктардын ишенимин жогорулатууда.  Азыркы учурда турак жай курулуш аманат системасына 1 млн. 100 адам ишеним көрсөтүүдө, бул болсо өлкөнүн экономикалык жигердүү калктын 12,8 % түзөт. Кардарлардын 598 млрд. тенге суммасындагы аманат базасынын көлөмү калктын узак мөөнөттүү салымдарынын рыногунда экинчи деңгээлдеги банктардын арасында бир нече жылдар бою биринчи орунду ээлегенге мүмкүндүк берет.

Бүгүнкү күндө Казакстан Республикасынын ипотекалык насыялоо рыногунда банктын үлүшү 35 % түзөт. Жыл сайын «ТКАБ» АК орточо эсеп менен 170 млрд. тенге суммасында турак жай сатып алууну каржылайт. 2017-жылда банк 243 млрд. тенге суммасында насыя берди, бул болсо өлкөнүн ипотекалык рыногун төрттөн үч бөлүгүн түздү. «ТКАБ» АК ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгили ичинде 850 млрд. тенге суммасында насыя берип Казакстан Республикасынын 140 миңден ашык жарандарынын турак жай жарттарын жакшыртууга жардам көрсөттү” – деп «ТКАБ» АК төрагасы Ляззат Ибрагимова айтты. “«ТКАБ» АК түзүлгөн мөөнөттөн баштап мамлекеттик турак жай программаларга активдүү катышып жатат”, - деп Л. Ибрагимова белгиледи. Азыркы учурда “Нұрлы жер” мамлекеттик турак жай курулуш программасынын оператору болуп саналат. Ушул программанын алкагында 2017-жылдын башынан баштап (1 жыл 4 ай) «ТКАБ» АКу аркылуу 7,5 минден ашык батирлер сатылды. Мындан дагы Казакстан Республикасынын бүткүл аймактарында 5,7 миң батирлер колдонууга берилди жана анын баары банктын аманатчыларынын арасында бөлүштүрүүдө. Мындан сырткары, 2018-жылдын аягына чейин 14 миңден ашуун батирлердин курулушу жана колдонуга берүүсү пландашууда.

 “МИК” ААКу Кыргыз Республикасында турак жай курулуш аманат системасын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө. Ушул механизмди «Турак жай Аманат Насыялык Компания» (ТЖАНК) банктык эмес финансы-кредиттик мекемесин түзүү аркылуу ишке ашыруу пландашууда. Бүгүнкү күндө “МИК” ААКу ТЖАНКны түзүү үчүн финансылык моделин жана керектүү ички нормативдик документтерди иштеп чыкты. Мындан сырткары, “МИК” ААКу мамлекеттик органдар менен биргеликте жумушчу топтун курамында “Контрактык турак жай аманат жөнүндө” Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда.