«Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК Башкармасынын төрагасы болуп Бактыбек Шамкеев дайындалды

14 Апреля 2016

«Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК Башкармасынын төрагасы болуп Бактыбек Шамкеев дайындалды

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фонду, «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААКнын учурдагы жалгыз акционеры катары, Шамкеев Бактыбек Абылкасымовичти «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК Башкармалыгынын төрагалыгына дайындады.

     Бүгүн, 2016 жылдын 14-апрелинде Шамкеев Бактыбек Абылкасымович «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААКнын эмгек жамаатына тааныштырылды.

    Бул мезгилге чейин Шамкеев Б.А. «CAIConsulting» ЖАКнун Башкаруучу директору кызматын ээлеген. Жогорку билимдүү, Ишкердик Администрациялоо боюнча магистр.

   2004-2013 жылдар аралыгында «RDC-Элет» Коомдук фондунда аткаруучу директор кызматын аркалаган.

    Микрофинансы тармагында жана айыл шарттарында стратегиялык пландоо, социалдык мобилдештируу боюнча бай тажрыйбага ээ.

   Кыргыз, орус, англис жана немис тилдеринде эркин сүйлөйт.

// // //