Ипотекалык насыя берүүнүн жүрүшү тууралуу

25 Апреля 2016

     Ипотекалык насыя берүүнүн жүрүшү тууралуу “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун Банктар менен иш алып баруу жана насыяларды администрлөө бөлүмүнүн башчысы Касымалиева Айгерим менен биздин интервью

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак-жай 2015-2020” программасынын чегинде, ведомстволор аралык комиссия 2016-жылдын 16-мартында  185 катышуучунун  тизмесин карап чыккан.

     Айгерим Адылбековна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак-жай 2015-2020” программасынын алгачкы катышуучуларына берилген насыялардын суммасы, акыркы маалыматтарга ылайык, канча?

     –Берилген насыялардын 2016-жылдын 26-апрелине карата жалпы суммасы 12 625 000 сом. Азыркы учурда “Айыл Банк” 6 691 000 сом өлчөмүндө каражаттарды берди. “РСК Банк” 3 737 000 суммасындагы кредиттерди тариздеди, “Компаньон Банкы” 1 397 000 сомдук жана “Кыргызстан коммерциялык банкы” 800 000 сомдук насыяларды беришти.

     Суралып жаткан ипотекалык каражаттардын бүгүнкү күнгө карата суммасы кандай болууда? Программанын катышуучулары насыяларды канча мөөнөткө тариздеп жатышат? Карызгерлер алууну каалаган кыймылсыз мүлктөрдүн аянтынын өлчөмү канча? Ошондой эле регионалдык айырмачылыктарды белгилеп кетсеңиз?

    – Насыялардын суммасы 270 миң сомдон 1 500 000 сомго чейин болууда. Ушул учурда бардык катышуучулар насыяларды 15 жылга чейинки мөөнөткө тариздеп жатышат. Негизинен, карызгерлер 1 жана 2 бөлмөлүү батирлерди жана жер тамдарды  тандап жатышат, мында кыймылсыз мүлктөрдүн жалпы аянты 35 чарчы метр жана 95 чарчы метр тегерегинде. Регионалдык өзгөчөлүктөрдү алып караганда, бул жердеги башкы маселе, республиканын ар башка аймактарындагы турак-жай бааларынын бирдей эмес экендигинде. Мисалы, Программанын катышуучусу Жалал-Абад областында 2 бөлмөлүү батирди 300 000 сомго сатып алды. Ал эми дагы бир карызгер Чүй областынын аймагында жалпы аянты 90 чарчы метр  болгон жер тамды  900 000 сомго сатып алды.

     Алгачкы төлөм өлчөмү канча жана жана пайыздык чендердин  суммасы кандай негизде белгиленет?

     – Ипотекалык насыя боюнча алгачкы төлөм үчүн катышуучунун өздүк салымы 10% дан башталат.  Эгерде ипотекалык насыя боюнча алгачкы төлөм 10%дан 20%га чейин болсо, анда  анын пайыздык чени жылдык 14%га барабар болот, 20%дан 30%га чейин төлөнгөндө пайыздык  чен жылдык 13%, ал эми 30%дан жогору өлчөмдө пайыздык чен жылдык 12%га барабар болот.

     Өзунүз билгендей,  бюджетттик мекеме-уюмдарда иштегендердин айлык маяналары  төмөн, ошого карабастан, ипотекалык насыялар  билим берүү жана медицина тармагында иштегендерге да берилген. Буларга насыяларды берүүдө банктар макул болушу үчүн кандай  факторлор эске алынады?

    – Бул жерде үй-бүлөнүн (күйөсү/аялы, балдары) чогуу алгандагы кирешеси эсепке алынат. Ошондой эле,  карыз алуучунун кайтарууга жөндөмдүү экенин талдоодо  катышуучунун,  үй-бүлөнүн кошумча кирешелери дагы эсепке алынат.

     Белгилүү болгондой, ипотекалык насыя алууну  каалаган адамдарды каттоого алуу иши уланууда.  Кызыктар адамдар  жергиликтүү  мамлекеттик администрацияга кайрылышса болот.  Мамлекеттик  мекемелердин кызматкерлери  иш орду боюнча арыздарды  жана документтерди  бере алышат. Ушуга байланыштуу дагы бир суроо, Программанын  катышуучуларынын акыркы-кийинки  тизмелери боюнча кредиттер эми качан берилет?

– Азыркы учурга карата  биз  бардык областтардан алдын ала түзүлгөн тизмелерди алдык. Азыр  тандоо талаптарына (критерий) катышуучулардын ылайык келээрин текшерүү иштери жүрүүдө. Ведомстволор аралык комиссия  бул тизмелерди  карагандан    кийин,  алар өнөктөш банктарга сунушталып, банктар андан ары насыя берүүнү тейлей башташат.

// // //